2019-жылдын 17-апрелинде Бишкекте өткөн митинг. Анда митинг массалык кармоолор жана акциянын катышуучуларын кууп таратуулар менен аяктаган. Сүрөт: Марат Абдыкалыков / Kloop.kg

Эмне болду?

Коомдук тармактарда, мессенжер жана кээ бир сайттарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев митингдерде помпалык куралдарды колдонуу тууралуу токтомго кол койду деген маалымат тароодо.

UPD. Новость вышла не сегодня, а 8 апреля, это, наверное, значит что будет менее больно получать резиновой пулей. И...

Posted by Altyn Kapalova on Monday, April 29, 2019

Башка маалыматтарда митингчилерди резина ок менен атууга болот деп айтылган. Өкмөт каршылык акцияларына чыккандарга курал колдонуу тууралуу маалыматты четке какты.

«Баса белгилей кетсек, күч түзүмдөрүнүн бардык тармактык мыйзамдарында тынчтык митингдеринин жана жыйындарынын катышуучуларына карата атайын каражаттарды колдонуу каралган эмес», — деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Бирок митингчилерге каршы курал колдонуу тууралуу билдирүүлөр мурда деле пайда болуп турган. Апрелдин башында 24.kg, Vesti.kg жана NextTV эми бийлик резина октору жана жаш агызуучу газдардын жардамы менен митингдегилерди тарката алышат деп жазышкан.

Ошондо митингчилерге каршы курал колдонулабы же жокпу?

Абылгазиев 29-мартта, чындыгында эле куралдуу күчтөр жана башка аскерий түзүмдөр колдонушу мүмкүн болгон атайын каражаттардын тизмеси жөнүндө токтомго кол койгон.

Ага резина таяктары, помпалык мылтыктар, октор, электрошокерлер, жарык-үн чыгаруучу гранаталар жана башкалар кирет. Бул тизмек мурда эле бар болчу, өкмөт аны болгону жаңылап эле койгон. Бирок документте атайын каражаттар митингдеги адамдарга каршы колдонулат деп айтылган эмес.

Өкмөт «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө» мыйзамга 2018-жылы жайында атайын каражаттарды колдонууга карата олуттуу өзгөртүүлөр киргизилгендиктен бул тизмени бекиткен.

Булар атайын каражаттарды кандай кырдаалдарда колдонсо болооруна тиешелүү болгон. Муну эгер мамлекеттик жана аскердик объекттерге кол салуу болсо кылмышкерлерди кармоо жана барымтадагы адамдарды бошотуу үчүн, шектүүлөр же соттолгондор эркинен ажыратуу жайлардан качып кетишкенде колдонсо болот.

Мыйзамдын атайын каражаттарды митингдерде колдонуу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн жалгыз пункту төмөндөгүдөй: «кризистик кырдаалдар келип чыкканда жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна же мамлекеттин коопсуздугуна кол салуучу массалык тартипсиздикке, укук бузуучулардын топтошкон аракеттерине бөгөт коюу үчүн».

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев «Клоопко» билдиргендей, милиционерлер атайын куралдарды тынчтык митингдеринде колдоно алышпайт.

«Эгер сөз тынчтык митингдер тууралуу болуп жатса, мындай учурларда атайын каражаттарды колдонууга жол берилбейт. Бирок эгер [митинг] массалык дүрбөлөңгө чейин өсүп кетсе, анда куралдуу күчтөр бул каражаттарды тартип бузуучуларга каршы колдоно алат», — деди ал.

Кыргызстанда митингчилер дайыма эле атайын каражаттардын жардамы менен таркатылабы же жокпу?

Жок. Кыргызстанда митингчилерди таркатуу үчүн курал жана атайын каражаттар болгону бир нече жолу гана колдонулган. Эң эле белгилүү мисал — бул 2010-жылдагы революция.

2010-жылдагы революциядан кийин тынчтык чогулуштарга болгон укук Конституцияда жазылган жана азыр митингдер таркатылбайт. Акция жана каршылык иш-чараларынын уюштуруучулары митинг өтүүчү жай тууралуу шаар бийлигин кабардар кылууга гана тийиш.

Бирок райондук администрациялар кээде акцияларды шаардын борборунда өткөрүүгө тыюу салып, аларды башка жерлерге, көбүнесе Горький атындагы сейил багына жылдыруу боюнча сотко кайрылышат.

Эгерде митингчилер соттун тыюусуна баш ийбестен акцияларды болбой эле өткөрүшсө, анда алар негизинен штрафка жыгылышат.

Ошондой эле эгер митингчилер коомдук тартипти бузуп жатышса, анда милиция аларды кармайт. Тартип бузуунун салмагына жараша сот митингчилерге же штраф салып же бир нече суткага камакка ала алат.