Бир кадр менен: Спикер жана депутаттар Ошто Матраимовдордун атасынын урматына арналган волейбол турниринин ачылышына катышты

Сүрөт: «Кабарлар»

Депутат Искендер Матраимов, бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов жана Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун атасы — Исмаил Матраимовдун элесине арналган иш-чара 1-май күнү Кара-Суу районунда өттү. Турнирдин байге фонду 1 млн сомду түзгөн. Матраимовдордун үй-бүлөсү — түштүк Кыргызстандагы эң таасирлүү кишилер.

Иш-чара чакырылгандардын арасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, парламент спикери Дастанбек Жумабеков, ошондой эле депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Алмамбет Шыкмаматов, Абдывахап Нурбаев жана башкалар болгон.

«Клооптун» редакциясы айрым эл өкүлдөрү менен байланышып, алар Матраимовдордун атасынын элесине арналган иш-чарага кантип барып калышканы тууралуу сурап көрдү.

Тазабек Икрамов: «Бизди кесиптешибиз Искендер Матраимов чакырган. Кимдер чакырылган билбейм, колу боштору келди. Албетте, өзүбүздүн каражатыбыз менен келдик, мамлекет төлөбөйт да. Ал жактан чыгып Төрөбай Зулпукаровдун күрөш боюнча иш-чарасына жөнөп жатабыз».

Абдывахап Нурбаев: «Ооба, бизди коллегабыз Искендер Матраимов чакырган. Биз бүгүн [Кара-Сууга] келдик. Албетте, өзүбүздүн эсебибизден. Мамлекет төлөбөйт да. Бүгүн кайра [Бишкекке] кайтабыз».

Улан Примов: «Бизди кесиптешибиз Искендер Матраимов чакырган. Жол акымды мен өзүм төлөп келдим».

«Клооптун» журналисттери төрага Дастан Жумабеков менен түз байланыша алган жок. Бирок анын ордуна маалымат катчысы Элвира Темир кызы жооп берди.

«Эс алуу күнү да. Ал жакка [Жумабековду] чакырышкан. Ошондуктан барган. Бул анын жеке сапары», — деди ал.

Кара-Суу районунун акими, депутат Искендер менен Райым Матраимовдун иниси Тилек Матраимовдун «Клоопко» билдиришинче иш-чарага 15 миңге жакын эл келген.

«Атамды эскерүү маарекеси. Футбол, волейбол боюнча турнирди сегиз жылдан бери өткөрүп келебиз [...] Жетекчилердин баары келди: спикер, биринчи вице-премьер, 30 чакты депутаттардын жоон тобу, облус башчылары, акимдер. Алардын ар биринин аты-жөнүн айтпай эле коёюн. Иш-чара кечээ эрте менен башталган, бүгүн бүтөт», — деди Матраимов.

Авторлору: Айдай Беделбек кызы, Гүлжан Эшбаева, Элвира Султанмурат кызы