ЕАЭБ Кыргызстандын ветеринардык системасы тааныды. Эми жергиликтүү продукцияларды биримдиктин өлкөлөрүнө киргизүү оңой болот

Иллюстративдик сүрөт. Мади Бекмаганбетов / RFL / RL

Вице-премьер-министр Жениш Раззаков 30-апрелде Еревандагы ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда билдиргендей, Кыргызстандын ветеринардык системасы «ЕАЭБдин талаптарына эквиваленттүү деп таанылды».

«Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурдан тартып бул көйгөйлүү маселе болуп келген. Мындан улам атамекендик өндүрүүчүлөр өз өндүрүмдөрүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында толук кандуу сата алышкан эмес», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, эми кыргыз лабораториялары заманбап жабдуулар менен жабдылып, кыргыз өндүрүүчүлөр эт, сүт жана продукциянын башка түрлөрүн «тоскоолсуз» ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткире алат.

«Бул кыргыз өндүрүүчүлөрүнө көңүлү тынч иштеп жана өз өндүрүмдөрүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого шарт түзгөн эң башкы чечим болуп саналат», — деди ал.

Евразия экономикалык комиссиясы мындай чечимди 2019-жылдын 29-мартында эле кабыл алган, бирок ал бир ай өткөндөн кийин гана күчүнө кирген.

Кыргызстандын ветеринардык системасы ЕАЭБдин талаптарына ылайык келбей тургандыгы тууралуу маселе 2015-жылдан бери чечилбей келген. Евразия экономикалык комиссиясы үч жолу жыйын өткөзүп, анда Кыргызстан тарабынын системанын үстүндөгү аткарылбаган мүчүлүштүктөрү талкууланып, аларды жоюу боюнча өз сунуштарын беришкен.

Кыргызстанда эт-сүт продукциясынын ЕАЭБдин талаптарына ылайык келиши тууралуу сертификаттарды бере турган лабораториялардын жоктугу негизи маселе болгон. Ылайык келүү сертификатын Казакстанда, Орусияда жана башка өлкөлөрдө алуу мүмкүн болчу, бирок бул ишкерлер үчүн абдан чыгымду болгон.