Ош шаарынын тургундары ипотекага муниципалдык турак жай ала алышат. Түшүндүрөбүз

Курулуучу үйдүн макети. Сүрөт: Турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду

Ош шаарында тогуз кабаттуу муниципалдык турак жай курулат. Шаардын жашоочуларына батирлер жылына 6% үстөк менен ипотекага берилет. Учурда үйдүн долбоорунун үлгүсү даярдалып, мамлекеттик экспертизага жиберилген.

Муниципалдык турак жайдын курулушун Турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду ишке ашырмакчы.

Фонддун директору Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, тогуз кабатуу турак жай болжолдуу 81 батирге ылайыкталып салынат. Анда бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлер болот.

Мындан тышкары, үйдүн жер төлөөсүндө 40 автоунаага ылайыкташкан унаа токтотмосу жайгашат. Ал эми курулуш өзү шаардын борбордук көчөсү эсептелген Курманжан датка 121 дарегине салынат.

«Курулуштун долбоору бүттү, аны мамлекеттик экспертизага бердик. Андан кийин тендер жарыяланат. Тендердин жыйынтыгы менен курулуш иштери башталат. Курулуштун убактысын айта албайм. Себеби мамлекеттик экспертиза 2 айга чейин созулушу мүмкүн», — деп түшүндүрдү Абдырахман уулу.

Батирлер кимдерге берилет?

Аталган турак жайдан шаардын бардык тургундары батир ала алышат. Бирок бюджетте иштегендерге артыкчылык берилет. Батир алууга талапкерлерге үч негизги шарт коюлган:

  • Батир алуучу адамдын каттоосу Ош шаарында болушу керек;
  • Талапкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылсыз мүлкү болбошу керек;
  • Тапкан кирешеси батирдин ай сайын төлөнүүчү суммасына жетээрлик болуусу кажет.

Батирдин бир чарчы метри 320 доллардан деп болжолдонууда. Сатып алуучулар алгач турак жайдын жалпы суммасынын 20 пайызын алдын ала төгүшү керек. Калган сумманы 12 жылдын ичинде, жылына 6 пайыз үстөк менен төлөп бүтүшү шарт.

Муниципалдык турак жай кайсы акчага курулат?

Бул көп кабаттуу турак жай Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы курган үйлөрдөн артып калган батирлерди ипотекага берүүдөн түшкөн акчага салынат.

Учурда ипотекага берилген 300гө жакын батирлерден жалпы 270 млн сом чогулган. Аталган каражат тогуз кабаттан турган 81 батирлүү үйдү курганга жумшалат.

Ош — муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашырып жаткан Кыргызстандагы жалгыз шаар. Программа июнь коогалаңында жабыркагандар үчүн курулган турак жайлардагы артып калган батирлерди ипотекага берүү менен башталган.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы