Жогорку сот: Батукаевди бошотуу боюнча чечим кайра каралат

Азиз Батукаев. Сүрөт: RFL / RL

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайра каралаарын «Эки бир» программаснын эфиринде билдирди.

«Батукаевди айтып калдыңыздар, ал боюнча азыр иликтөө жүрүп жатат. Эмненин негизинде? Кандай? Бул дагы саясий эрк — ошону азыр козгогон. Врачтар кандай корутунду берди? Эмненин негизинде? Бир эле судьяларды күнөөлөгөн болбойт», — деди ал.

Анын айтымында, Батукаевдин колониядан бошотулушунда дарыгерлердин да жоопкерчиликтери бар, анткени алар анын ден соолугунун абалы тууралуу корутундуга кол коюшуп, Батукаев ушунун негизинде бошотулуп кеткен.

«Аны ден соолугуна байланыштуу бошотушкан, ошондуктан врачтардын да жоопкерчилиги бар. Корутундуну алар беришти да. Биз врач болбогондон кийин биз билбейбиз ал эмне оору экенин. Эгер ошол эле врачтар чын эле жаза өтөөгө болбойт деген диагноз койсо, анда соттор милдеттүү да [Батукаевди] чыгарууга. Азыр Батукаев боюнча ошол соттун актылары кайрадан каралышы мүмкүн», — деп кошумчалады Жогорку соттун төрайымы.

Ошондой эле Батукаевдин ишинин жандандырылышы тууралуу 17-апрелде Кыргызстандын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов да билдирген.

Батукаевдин бошотулушу

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013жылы бошотулуп, ал дароо эле Кыргызстандан чыгып кеткен. Анын Нарын шаардык соту тарабынан бошотулушу жылдын башкы чуулгандуу окуяларынын бири болуп калган. Бул бошотуунун шартында ал учурда акыйкатчы болуп турган Турсунбек Акун өз кызматынан кол жууган.

Мындан тышкары, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев жана вице-премьер Шамиль Атаханов өз каалоолору менен ээлеген кызматтарынан кетишкен.

Аны бошотууга атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен күчөтүлгөн тартиптеги № 24-колониянын дарыгери коюп берген «кандын күчөгөн лейкозу» аттуу дарт белгиси негиз болгон. Мындан кийин медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болуп, Нарын шаардык соту Батукаевдин бошотулушу тууралуу өз чечимин артка кайтарган.

Батукаев Кыргызстандын тарыхында ден соолугуна байланыштуу абактан чыга алган биринчи камактагы адам болгон. 2014-жылы аны эл аралык издөөгө жарыялашып, ошол эле жылы аны Чеченстандагы колонияга отургузушкан. Ал жактан Батукаев үч жылдан кийин бошотулган.

Батукаев бир катар беренелер, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.