Жогорку Кеңеш. Иллюстративдик сүрөт

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков:

Ар бир депутаттын барып-келиши өзүнүн каражатынан болду, төраганыкы дагы. Биздин ал жакка барып катышканыбызга эч бир мыйзамда тоскоолдук жок. Искендер Исмаиловичке: «Биз ал жерге бара албайбыз. Сенин иниңде ушундай маселе бар» дегенге эч кандай себеп жок.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов:

Мен кесиптешим Искендер Матраимовдун чакыруусу боюнча баргам. Ал бул мелдешти жыл сайын өткөрөт. Депутаттар аймактарда мындай иш-чараларды дайыма өткөрүшөт, биз аларга барып турабыз. Ал эми Райым Матраимов менен эч кандай мамилем жок. Албетте бир эле иш-чарада Райым менен бирге болуу этикага жатпайт. Бирок бир жагынан Райымга карата кылмыш иши козголгон эмес да. Финпол болгону текшерүү жүргүзүп жатат. Дагы бир жолу кайталайм, бизди Райым эмес, Искендер Матраимов чакырган. Бул анын иниси [Райымга эмес], кесиптеш Матраимовго болгон сый. Райым менен эч кандай мамилем жок.

Депутат Жанар Акаев:

Жеке мен Кара-Суудагы иш-чарага кымындай жаман оюм болбой, спикер баштаган бардык фракциялардын депутаттары менен чогуу келдим. Өзүм беш күндөн бери Ошто болчумун. ЖКнын депутаты Искендер Матраимов майрамдык иш-чара уюштуруп, беш миңдей эл келээрин, спорттук ири таймаш болоорун айтып, чакырган. Биз Райым Матраимовдун тоюна же туулган күнүнө эмес, согуш ардагерлерин куттуктап, эл менен учурашып кайттык. Депутаттар чакырган аймактарга барып эле жүрөбүз. Эч жаман ой жок, кесиптештер менен барып кайттым эле. Эми, сиздердин эмоцияны да түшүнөбүз, тепкилегенге чыдашка аргасызбыз.

«Өнүгүү-Прогресстин» депутаты Тазабек Икрамов:

Мен башка депутаттардай эле кесиптешибиз Искендер Матраимовдун чакыруусу боюнча барып келдим. Бул кадимкидей эле практика. Дайыма барып турабыз. Ал жерде анын иниси Райым миллионердин болгону боюнча ал ошол жерде болушу керек да. Мен бул нерседен эч бир этикага жатпаган же туура эмес эс нерсе көргөн жокмун.

«Кыргызстандын» депутаты Канатбек Исаев:

Кара-Суудагы иш-чарага бизди депутат Искендер Матраимов чакырган. Кесиптешке жок деп айтуу этикага жатмак эмес. Матраимовдор биз үчүн өзүнчө учак брондоп койгону бул жалган. Ар бир депутат өзүнө билет сатып алган жана биз ар кайсы каттамдар менен учуп барганбыз. Ошол эле күнү башка кесиптеш депутат Төрөбай Зулпукаровдун чакыруусу менен Ноокатка бардым. Ал жакта Зулпукаров 10 жылдан бери уюштуруп келе жаткан күрөш боюнча ар жылдык турнир өткөн. Мындан кийин Ошко кайтып келип, дагы бир кесиптешим Азамат Арапбаев жакында эле ачкан оорукананы көрүп келдим.

КСДПнын депутаты Азамат Арапбаев:

Мен биз, депутаттар Райым Матраимов катышкан иш-чарага барып келгенибизден эч бир уяла тургудай нерсе көргөн жокмун. Мунун эмнеси бар? Бул спорттук мелдеш болгон. Ал эле эмес биздин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктадык. Ал жакта адам көп болду, бир жарым миңден ашуун, анын бардыгы жөнөкөй жарандар. Мен эмне эле бардыгы тополоң чыгарып атышканын түшүнбөй турам. Депутаттарды Искендер Матраимов чакырды, биз бардык. Кандай этикалык суроолор болушу мүмкүн? Түшүнбөйм.

КСДПнын депутаты Искендер Матраимов:

Бул иш-чара 8-9 жылдан бери өтүп келет. [...] Мен 3,5 жылдан бери Жогорку Кеңеште депутат болуп отурам. Жылда эле депутаттар келет. Жыл өткөн сайын депутаттардын арасында бири-бирине болгон мамилеси жакын боло берет экен. Ушундай иш-чарага өзүм депутаттарды чакырдым. Алар менин чакыруумду кабыл алып, катышып кетишти. Мен түшүнүп жатам... Менин иниме болгон сөздөрдүн буга кандай тиешеси бар? Бул жерде трагедия болбосо керек. Муну баары туура түшүнүшү керек. 15 миңдей эл катышты. Кыргыздар бир ууч элбиз, бири-бирибиз менен катташабыз да, ушинтип.