Бишкек: Милиция өкмөт үйүнүн алдындагы макулдашылбаган митинг үчүн Военно-Антоновканын 30дан ашуун тургунун кармады

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова пикеттин катышуучуларын 3-майда түшкү маал өкмөт үйүнүн алдында кармашты деп «Клоопко» билдирди.

«Бизге соттун 11-майга чейин митингге чыгууга тыюу салган токтомун окуп беришти. [...] Дээрлик баарын милиция бөлүмүнө алып кетишти», — деп айтып берди активист.

Кармалгандардын бирөөсү Замирбек Садыков «Клоопко» айтып бергендей, алар өкмөт үйүнүн алдына жерлердин трансформациясы туурасында аткаминерлерден түшүндүрмө алуу үчүн чыгышкан.

Анын айтымында, пикеттин катышуучулары Военно-Антоновкада үй куруу үчүн жерлерди сатып алышкан. Бирок ал тилкелер трансформациядан өтпөй калган.

«Бизге өкмөт [жерлерди трансформациялоо тууралуу] мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюшу керек, ал эми депутаттар жактырышы керек деп айтышкан. Бирок өкмөт муну аткарган жок жана созуп жатат. Биз батирлеп жашагандан чарчадык», — деп түшүндүрүп берди Садыков.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы Военно-Антоновканын тургундарынын кармалышын Клоопко» ырастап беришти.

«Биринчи май райсоту эски жана жаңы Ала-Тоо аянтында митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизген [...] 35 адам милициянын Биринчи май бөлүмүнө жеткирилген. Алар менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү», — деп билдиришти Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан.

Сүйлөшүүдөн кийин бир аялдан башка кармалгандардын бардыгы бошотулган. Ал аялга милиционерге «баш ийбегендиги» үчүн үч миң сом айып пул салынган.