Жер асты өтмөгү дале колдонууга бериле элек. Сүрөт: Саадат Төлөгөнова / Kloop.kg

Жер астындагы өтмөктүн курулушу 2018-жылдын соңунда аяктамак, бирок курулуш компаниясы өтмөктүн үстүндөгү жолго өз убагында асфальт төшөбөй койгон. Эми анын кыртышы чөгүп, жаңы курулуштун ичине жамгыр суусу өтүүдө.

Айыл өкмөт башчы Замирбек Тургунбаев 2018-жылдын апрелинде башталган жер асты өтмөгүнүн курулушун жыл соңуна дейре бүтүрүү керек эле деп «Клоопко» билдирди. Бирок көрсөтүлгөн убакыт ичинде ишти бүтүрүүгө жетишпей калышкан — өтмөктүн үстүндөгү жолго асфальт төшөлгөн эмес.

Ошого карабай, жергиликтүү бийлик январь айында унааларга жер астындагы өтмөктүн үстүнөн жүрүүгө уруксат берген. Тургунбаевдин айтымында, мындай чечимди алар айдоочулардын арызданууларынан улам кабыл алышкан.

«Мындан сырткары, адистердин айтуусуна караганда асфальт төшөгөнгө чейин жолду таптоо, тыгыздоо керек болгон. Ошондуктан унаалардын жүрүшүнө уруксат бергенбиз», — деди ал.

Учурда жер астындагы өтмөктүн кыртышы жылып, анын кесепетинен ичине жамгыр суусу кирип, жаңы курулушту жараксыз абалга келтирүүдө.

Кара-Суудагы жер астынан откон жол. Вотсаптан салышты.

Posted by Ydyrys Isakov on Thursday, April 25, 2019

«Өтмөктүн шыбынан, тепкичтеринен жамгырдын суусу кирип жатат. Себеби жолго, анын капталдарына асфальт төшөлгөн эмес — бетон менен гана жаап, шагылды төгүп тегиздеп коюшкан» — деп түшүндүрдү видеонун автору «Клоопко».

Аталган тендер боюнча техникалык көзөмөл адиси Ильяс Алтынбеков алар курулуш компаниясынан асфальт төшөөнү бир канча жолу талап кылышканын билдирет. Анын айтымында, компания аталган жерге жыл башында эле асфальт төшөп коё алмак.

«Биз бир канча жолу асфальт орнотууну айтып, азыр да талап кылып келебиз. Бирок алар муну [аткарылбаган ишти] каржылык кыйынчылыктары менен түшүндүрүшүүдө», — деди Алтынбеков.

Өтмөктү куруп жаткан «Сутранспромжилстрой» курулуш компаниясынын башчысы Талас Пратов комментарий берүүдөн баш тартты.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, компаниянын бардык каражаты 2018-жылдын сентябрында — тендердин талабы менен толук бүткөрүлүшү керек болгон учурда эле которулган.

Өтмөктүн үстүндөгү жолдон өткөн унаалар. Сүрөт: Саадат Төлөгөнова / Kloop.kg

Жолдун чөгүп жатканына карабастан Алтынбеков жер астындагы өтмөктүн шыбы кулабайт жана өтмөк адамдар үчүн коопсуз деп ишендирүүдө.

«Анын конструкциясы 120 тонна салмакка ылайыкталган. Өтмөктү керек болсо бомбадан коргонууга деле колдонуу мүмкүн», — дейт ал.

Аталган өтмөк Кара-Суу базарынын жанында жайгашкан. Базар 19 гектар жерди ээлейт — бул аянт 26 футбол аянтына барабар. Ага негизинен Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жашоочулары, ошондой эле Өзбекстандын чек арага жакын райондорунун жарандары келишет.

Жоон топ сатып алуучулар себептүү базар жайгашкан аймакта унаа кыймылы өтө ири жана кээде кырсыктар катталып турат. Мындан улам жер асты өтмөгү базарга келгендерге коопсузураак жол болуп бермек. Айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, «Сутранспромжилстрой» июнь айынын ортосуна дейре курулушту аяктап, оңдоп-түзөө иштерин бүтүрмөкчү.

Учурда өтмөк колдонууга бериле элек.

Компанияга карата жалгыз эле доомат эмес

Бул өтмөккө карата коюлган биринчи эле доомат эмес. Ушул жылдын январь айында экотехинспекция жаңы оңдолгон өтмөк жараксыз абалга кептелип баратканын байкаган.

Кара Суу шаарында жаны эле курулган жер алды отмок (подземка) колдонууга берилбей жатып курай баштады. Коррупционный схемалардын бар экендигинин далилдери

Posted by БеспределKG on Wednesday, December 19, 2018

«Ушул кышта өтмөктүн жасалгасы жараксыз болуп, майда жаракалар байкалган. Текшерүүдөн соң жазма буйрук бергенбиз», — деди Кара-Суу райондук экотехинспекциянын кызматкери Рысбек Юсупов.

Мекемеден «Сутранспромжилстрой» курулуш компаниясына өтмөктүн жасалгасын жаңылоону тапшырышкан, бирок бул иш аткарылган эмес. Жыйынтыгында экотехинспекция компанияга 23 миң сом айып салган, ал эми экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы курулуштун сапатын иликтей баштаган.

Аталган ведомствонун тергөөчүсү Роман Курманкуловдун айтымында, текшерүү иштери азырынча аяктай элек элек жана ал качан бүтөөрү белгисиз.

«Жакында эле Эсеп палатасы [курулушту] текшерип кетти, бирок биз алардан акт ала элекпиз. Аны алгандан кийин дагы текшеребиз», — деди ал.

Редакторлору: Александра Ли, Гүлжан Эшбаева