Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы өлкө башчысынын Кыргызстанда уран казуу тууралуу билдирүүсүн таркатты. Президент Кыргызстанда уран казылбай турганын, ал эми «кийинки муун» үчүн «таза табиятты, жашыл жаратылышты» жеткирүү керектигин айтты.

«Дагы кайталайм, Кызыл-Омполдо уран казылбайт. Ачыгын айтканда, өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөң түштү», — деп билдирди өлкө башчысы. Анын айтымында, «мындай дүрбөлөң» туризм тармагына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, андыктан тынчсызданууга эч негиз жок.

Президент мындай билдирүүнү Ысык-Көл облусундагы уран кендерин иштетүүнүн айлансында чыккан ызы-чуунун шартында жасады. Аймактын тургундары аны иштетүүгө каршы чыгышкан. Аны менен катар Бишкекте да нааразылык акциялары болуп өткөн. Ал эми депутаттар Ысык-Көлдө жана жалпы Кыргызстанда уран казууга тыюу сала турчу мыйзам долбоорун демилгелешкен.