Бишкек: Транскыздар «Намба Таксинин» айдоочусу кол салганын айтып чыгышты. Такси кызматы муну четке кагууда

Видеодон алынган скриншот

Активист Каныкей кызы 5-май күнү «Намба Таксинин» айдоочусу болушу ыктымал адам транскыздарга кол салып, аларды тээп машинадан кубалап жатканы тартылып алынган видеону жарыялады.

Жабырлануучулардын курбусу Лола «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, эки транскыз 5-май күнү эртең менен «Намба Таксиден» эки унаа чакыртышкан. Бирок айдоочунун экөөсү тең кыздарды жеткирүүдөн баш тартып, аларды машинадан чыгарып салышкан. Кыздар айдоочулар жабырлануучулардын гендердик иденттүүлүгүнөн жана тышкы келбетинен улам ушундай мамиле жасашкан деп божомолдошууда.

«Таксист кыздардын үнүн угуп алып, аларды жеткирүүдөн баш тартып, алардан чыгып кетүүнү суранган. Мунун бардыгы анын трансфобдуулугунан улам башталып кеткен. [...] Айдоочу аларды чачтан кармап машинадан чыгарган. “Намбадагылар” айдоочуларынын бул жерде тиешеси жок экенин айтышууда, бирок алар кыздарга жаман айтышкан, бул учурлар видеого тартылбай калган, анткени уруш маалында телефондорун талкалап салышкан экен», — деп билдирди активист кыз.

Лоланын айтымында, кыздар менен таксисттердин ортосундагы чырга кийинчерээк дагы бир киши келип кошулуп, ал кыздардын телефондорун талкалап салган.

Кыздар милицияга арыз жазышканы менен укук коргоо кызматкерлери бузууну каттагылары келишкен эмес. Бирок алар арызды активисттер башкы прокуратурага арызданабыз деп айтышкан соң гана каттоого алышкан. Милициядан окуяга кийинчерээк комментарий берүүнү убада кылышты.

«Намба Таксинин» сапат көзөмөлдөө бөлүмүнөн кыздарга кол көтөргөн адам алардын кызматкери эмес деп жооп беришти.

«Айдоочу буюртмага келген, бир нече адам чыккан, алар мас абалда болушкан жана айдоочу менен кармашып кетишкен. Алар анын курткасын айрып, машинаны тепкилей башташкан. Видеодон айдоочубуз машинада отурганын көрүүгө болот, ал эми мушташка болсо таптакыр эле биз тааныбаган адам катышкан, ал “Намбада” иштебейт. Биз аны биринчи жолу көрүп жатабыз», — деп билдиришти такси кызматынан.