Бишкек: ӨКМдин куткаруучулары кызды төртүнчү кабаттан түшүрүштү — видео

ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, окуя 7-майда Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө болгон.

Окуяга күбө болгондор төртүнчү кабаттын карнизинде турган кызды байкап, куткаруучуларды чакырышкан. ӨКМдин бригадасы жардамга 12 мүнөттөн кийин келишкен.

«ӨКМдин куткаруучулары атайын ыкма колдонушту. Алардын бирөөсү альпинисттик шаймандардын жардамы менен бешинчи кабаттан түшүп, кызды карнизден алып түштү. Башка куткаруучулар анын коопсуздугун бешинчи жана биринчи кабаттарда камсыздап турушкан», — деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Буга чейин 5-майда милиция менен ӨКМдин бригадасы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн сегизинчи кабатындагы терезеде отурган кишини куткара алышкан эмес.

ӨКМдин басма сөз кызматы түшүндүргөндөй, алардын куткаруучулары терезедеги кишиге альпинисттик шаймандар менен түшө алышкан эмес, анткени үйдүн чатыры жабык, ал эми 10 жана 11-кабаттардагы батирлерде жашаган адамдар милиционер менен куткаруучуларга эшигин ачышкан эмес.

Куткаруучулар терезеде отурган кишинин батиринин эшигин ачууга аракет кылышканда ал терезеден секирген. Алдын ала маалыматтар боюнча киши мас абалда болгон жана ал жеринде каза тапкан.