Ош базары: Соодагерлерди жаңы имаратка көчүрүү үчүн базардын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлдү — видео

«Берекет» компаниясынын администрациясы 7-май күнү эртең менен Ош базарынын бир бөлүгү болуп эсептелген «Берекет универсал» базарынын электр жарыгын өчүрдү. Базардын жетекчилиги соодагерлер анын жабылышына жолтоо болуп атышканын билдирди.

«Берекет» компаниясынын директору Индира Абласова билдиргендей, базар 15-апрель күнү эле жабылган, ошондуктан ал жакка коммуналдык кызматтарды берүү токтотулган.

«Электр жабдыктарын алып кетүүгө барсак сатуучулар каршы болушуп, аны алып кеттирбей коюшту. Биз сүйлөшүүлөр аркылуу аларды ымалага келүүгө чакырабыз. Биз көптөгөн жолдорду сунуштадык», — деди Абласова.

«Берекет» компаниясы жабылып калган базардын ордуна жаңы соода борборун куруп, соодагерлерлерге ошол жакка көчүп барууну сунуштап жатат. Бирок сатуучулар каршы чыгышууда, анткени соода борборунда ижара акысы базарга караганда кымбат.

Администрациядан базарда 790 адам эмгектенгенин, бирок сатуучулар 1500 миң адам иштейт деп көшөрүп атышканын билдиришти.

«Берекет универсал» базарында контейнер иштеткен Махабат Шамшиева кээ бир соодагердер электрик чакыртып, жарыкты өз чөнтөктөрүнөн коштурганы жатышканын «Спутник» басылмасына айтып берген.

«Базардын жетекчиси [Индира Абласова] 15-20 күзөтчү жана бою узун 6-7 эркек менен келди. Жер төлөгө кирип электр зымдарын кыркып, жабдууларды талкалап салышыптыр. Эсептегичтер жерде чачылып жатат», — деди Шамшиева.

Шамшиеванын айтымында, ал базардан 35 миң долларга соода күркөсүн сатып алган жана миллион сом насыясы бар. Соодагер эгер жетекчилик аны жана башка соодагерлерди «Берекет универсалдан» чыгарып салса кайда бараарын билбесин айтат.

Бул «Берекет универсалдын» сатуучулары жетекчилик менен талашып-тартышып жаткан биринчи эле учур эмес. Алар үстүбүздөгү жылдын март жана апрель айларында митингге чыгып, администрация аларды жумуш ордуларынан кетүүгө «мажбурлап», жаңы соода комплексинен соода ордун сатып алууга аргасыз кылып жатат деп айтып чыгышкан.

Сатуучуларды жаңы имаратка которуу 2018-жылы базарда жүз берген бир нече өрт чыгуулардан кийин болууда. Анда Кулиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат өрттөнүп кетип, анын ордуна базардын администрациясы өз каражатын салып, жаңы комплекс курган.