Уран казууга тыюу салуу тууралуу мыйзамга каршы болгондор нааразычылыктарын билдирип парламенттин отурумунан чыгып кетишти — видео

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Уран казууга тыюу салуу боюнча коомдук угуулар 7-майда коомчулуктун жана тоо кен компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен парламентте болуп өттү. Жалпысынан Жогорку Кеңешке өз оюн билдирүү үчүн 100гө чукул адам келген.

Уран казуунун жактоочулары чийки зат казууну коргоо позициясы менен 30 адамдын ичинен эки киши гана чыгып сүйлөй алганын билдиришти.

Мындан кийин алар нааразычылык билдирип залдан чыгып кетишти. Алардын айтуусу боюнча, аларга өз ойлорун толук жеткирүүгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Ошондой эле сөздөрүн бөлүшүп, микрофондун алдындагы убактысын чектешкен.

«Биз депутаттарга жана коомчулукка өз позициябызды жеткирүүгө аракет кылганбыз. Биз бул мыйзам долбоору бүт тармакты өлтүрөөрүн, эч кандай тобокелчилик жоктугун ачык жана ак ниеттик менен айткыбыз келген. Азыр ойлонбостон чечим чыгаруу такыр болбойт», — деп айтып берди угуунун катышуучусу Николай Вишневский.

Жеке ишкерлер союзунун өкүлү бул мыйзам долбоору өлкөгө инвесторлорду тартууга сокку болот деп эсептейт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 4-майда жаратылышты сактоо үчүн өлкөдө уран казылбайт деп айткан.

Президент аталган билдирүүнү Ысык-Көл облусундагы уран кендерин иштетүүнүн айланасындагы бир нече митингдерден кийин таратты. Аймактардын тургундары уран кендерин иштетүүгө каршы чыгышып, нааразычылык акциясына Бишкекте да чыгышкан. Ал эми депутаттар өлкө боюнча уран казууга каршы мыйзам долбоорлорду демилгелешкен.