Атамбаевдин мурдагы жансакчысы 20 млн сомго кыймылсыз мүлк сатып алган — Башкы прокуратура

Дамир Мусакеев жана Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Материал 23:58де жаңыртылды.

Башкы прокуратура Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Дамир Мусакеев 2010 жана 2017-жылдардын ортосунда 20 млн сомдон ашуун каражатка кыймылсыз мүлк сатып алып, аны өзүнүн жакын туугандарына каттатканын билдирди.

«УКМКнын 9-кызматынын эсептөө маалыматтары боюнча, 2010-2017-жылдар аралыгында кыймылсыз мүлктүн баасы Мусаеевдин гана эмес, анын бардык жакын туугандарынын расмий кирешелеринен да бир топ ашкан [...] Мыйзамсыз баюу фактыларын жашыруу максатында кыймылсыз мүлк анын туугандарына катталган», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Азыр Башкы прокуратура «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде сотко чейинки иликтөө жүргүзүп жатат. Мусакеев өзүнө карата тагылган айыптоолорду «пас жана жалган» деп атаган.

«Баарын текшериш оңой. Эгер Башкы прокуратура мага эсептеп жазып жаткан ушунча мүлк болсо, мен аялым жана үч балам менен 2016-жылга чейин УКМКнын жатаканасындагы бир бөлмөдө жашамак белем? [...] Менин ата-энеме, мага, менин жакын туугандарыма жана ага-инилериме таандык болгон мүлктүн баары эң көп дегенде 5-6 миллион сомго жетет», — деп айтылат КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева таркаткан Мусакеевдин катында.

Февраль айында Мусакеевге каршы УКМКнын кызматкерлери үчүн батирлерди бөлүштүрүү боюнча кылмыш иши козголгон. Анда КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева муну «саясий» деп атаган.

Мусакеев — Атамбаевдин мурдагы жансакчысы жана анын башкы тарапкерлеринин бири. Ал өткөн жылдын мартында өткөн КСДПнын курултайынын угуучуларынын арасында байкалган. Мунун айынан УКМК сынга алынып, атайын кызматтардын башчысы курултайда пайда болгону ал саясаттан тышкары болушу кереги үчүн коомчулуктун суроолорун жараткан.

Мусакеевдин карьерасы

Президент Сооронбай Жээнбеков Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы кызматынан өткөн жылдын апрелинде бошоткон. Отставканын расмий туюнтмасы «берилген арызына ылайык [...] бошотулган» деген мүнөздө айтылган.

Мусакеевдин кызматтан алынышы Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин ортосундагы араздашуунун шартында болгон. Эки саясатчынын ортосундагы араздашуунун шартында Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин алмашуусу орун алган. Аткаминерлердин көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болгон, ошондуктан алардын кызматтан бошотулушун мурдагы эки үзөңгүлөштүн жаңжалы менен байланыштырышкан.

Мисалы, Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан алган. Ал эми май айында Атамбаевдин эң белгилүү тарапташтарынын бири — Сапар Исаков — премьер-министрлик кызматтан бошотулган.

Тема боюнча: Атамбаевдин мурдагы жансакчысына кылмыш иши козголду