Бишкек мэриясы жаңы таштанды полигонун кура баштады

Жаңы таштанды полигонунун курулуш жери. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 7-майда билдиргендей, жаңы таштанды полигонун куруу калаадагы учурда иштеп жаткан эски таштанды талаасын рекультивациялоо менен кошо башталган. Жаңы полигон курууга каражатты Бишкек мэриясы 2013-жылы эле алган.

«Биринчи этапта жер иштери өткөрүлөт [...] жаңы полигондо жери иштерин жасоодон кийин алынган топурактын баары эски таштандынын рекультивациясына кетет», — деп айтылат мэриянын катында.

Калаа бийлиги жаңы таштанды полигону толугу менен 2020-жылга даяр болоорун, ал эми эскиси бул убакытка чейин жабылып, рекультивацияланаарын убада кылды.

Бишкектин жаңы таштанды полигону Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Европа Биримдигинин каражатына курулууда. 2013-жылы алар жаңы полигон үчүн 11 млн евро грант жана 11 млн евро насыя бөлүп беришкен. Аталган каражатка жаңы таштанды полигонунан сырткары, таштанды сорттоо үчүн завод курулуп, жаңы техника сатылып алынмакчы.

Бирок жаңы таштанды полигонунун курулуш иштери бир нече жылга созулуп кеткен. Жаңы таштанды полигонун куруу үчүн «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасы «Эхитусфирма Ранд жана Туулберг» компаниясы менен келишимди 2017-жылы гана түзгөн.

Мунун шартында Бишкек прокуратурасы текшерүү иштерин баштаган. Ведомство мэриянин кээ бир кызматкерлери өз кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек үчүн жаңы таштанды полигонунун курулушун токтотуп салышкан деп эсептейт. Мекеме 2019-жылдын январь айында мэриянын аткаминерлерине карата кылмыш ишин козгогон.

ТЕМА БОЮНЧА: