Вице-спикер Касымалиева: Жалил Атамбаевдин доо арызды чакыртып алганы коррупцияга каршы күрөштөгү жеңиш эмес

Аида Касымалиева. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Вице-спикер Аида Касымалиева 8-майда парламенттин жыйынында оштук ишкер Жалил Атамбаевдин «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковго койгон 50 млн сомдук сот дооматынан баш тартуусу болгону журналисттик коомчулуктун жеңишин гана айгинелээрин билдирди.

«Чекит коюлгандай сезилет, бирок чекит коюла элек. Кесиптештерибиз Жанар Акаев, Алмамбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов сүйлөшүп, ошол бизнесмен 50 млндук доо арызын кайра тартып алды [...] Доо арызын тартып алганы — журналисттер жааматынын жеңгени, бирок бул мамлекет үчүн коррупция менен күрөштөгү жеңиш эмес», — деп айтты Касымалиева.

Ошондой эле ал Исаков өз иликтөөсүндө жасаган тыянактарды дыкат изилдөөгө үндөдү, анткени алардын бардыгы ачык булактардагы маалыматтарга негизделген.

«Эгерде биз ушундай журналистикалык иликтөөнү каралоо, ушак менен аралаштырып салсак, анда артка кете беребиз», — деп кошумчалады вице-спикер.

Атамбаевдин журналист Исаковго каршы койгон дооматы

Атамбаев Исаковду 29-апрелде сотко берген. Ал «Азаттык» Исаковдун Оштогу көмүскө экономика тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган соң көп өтпөй элек сотко кайрылган. Журналист өз иликтөөсүндө Атамбаевге байланыштуу компаниялар кирешелерди жашырганы туурасында маалыматтарды келтирген.

Жалил Атамбаев Исаковдон 50 млн сом талап кылган, мындан тышкары өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөштөрү Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновдон да 5 млн сомдон өндүргүсү келген. Анын бул эки өнөктөшү журналисттик иликтөөдө Атамбаевден үйлөрдүн курулушу үчүн өз үлүштөрүн ала албай келе жатышканын айтышкан.

Атамбаев доо арызын 7-майда чакыртып алган. Анын адвокатынын айтымында, ишкер мындай чечимди орозо күнүндө кечиримдүү болоюн деп кабыл алган.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызмат Исаков айтып өткөн фактылар боюнча кылмыш ишин козгогон.