Атайын кызмат президенттин кеңешчиси Догоевди суракка алды

Дастан Догоев. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Материал саат 23:55те жаңыртылды

УКМК президенттин санариптештирүү боюнча кеңешчиси жана Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Дастан Догоевди 8-майда суракка алды. Анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев Догоев биометрикалык паспортторду сатып алуу тууралуу иши боюнча күбө катары суракка алынганын кабарлады.

«Дастан Догоевдин чет мамлекеттик паспортторлу сатып алуу тендерине эч кандай тиешеси жок», — деди адвокат.

Мурдараак Kaktus.Media басылмасы өз маалымат булактарына таянып УКМК Мамкаттоо кызматынын мурдагы башчысын кармады деп жазып чыккан.

Бирок УКМКнын басма сөз кызматынан «Клоопко» Догоевдин кармалышы тууралуу маалыматты четке кагып койгон.

Укук коргоочу Татту Мамбеталиева «Клоопко» билдиргендей, 8-май күнү саат 11де УКМКнын эки кызматкери Догоевдин иш бөлмөсүнө келип, аны алып кетишкен. Бир нече сааттан кийин Догоев аялы менен байланышып, ылдам адвокат табуусун суранган.

«Анын аялы саат үчкө чукул чалып, Дастан өз кесиптештеринен ага адвокат таап берүүнү суранганын айтты. Андан кийин мен анын жумушуна чалсам кесиптештери саат 11де эки ыкчам кызматкер УКМКнын өкүлдөрүбүз деп анын иш бөлмөсүнө кирип кетишкенин айтышты. Саат 11де аны алып кетишкен, аялы ага бир нече саат чала албай койгон, андан кийин Дастан ага өзү чалып, шашылыш түрдө адвокат сураган. Мындан башка маалымат билбейбиз», — деди Мамбеталиева.

Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен 2018-жылы февралда кеткен. Мындан кийин ал президент Сооронбай Жээнбековдун санариптештирүү маселелери боюнча кеңешчиси болуп иштей баштаган.

Догоевдин кармалышы ыктымалдыгы электрондук паспортторду даярдоо боюнча ызы-чуунун шартында болду. Чет мамлекеттик электрондук паспорттор үчүн талаптар иштелип чыгып аткан учурда Догоев МККны жетектеп турган.

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

Анда УКМКнын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн. Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген.

Кийинчерээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген. Атайын кызмат зыяндын өлчөмүн 253 млн сом деп баалаган.

МККнын аткаминерлери Garsu Pasaulis компаниясы менен «байланышы бар» деген айып менен 16-апрелде кармалышкан.

МКК ведомствонун кызматкерлери «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» иш-аракет кылышкан деп билдирген.

Ошондой эле МККдагылар Garsu Pasaulis компаниясы менен келишим түзүлбөгөндүктөн, мамлекетке экономикалык зыян келтирилген эмес деп эсептешет.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.