Журналисттерге президент «Өлбөс полкту» баштап жүргөндө колоннаны сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полктун» башында. 2018-жыл. Сүрөт: Роман Гайнанов / «Кабар» басылмасы

Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) басма сөз кызматы маалымдагандай, ЖМКлардын өкүлдөрүнө президент Сооронбай Жээнбеков баштаган «Өлбөс полк» колоннасынын башын сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынды.

Ведомствонун пресс релизине ылайык, колоннаны дрондор менен тартууга да тыюу салынган, болбосо аларды «атып түшүрүшөт».

«Президенттин администрациясынан түшүндүрүшкөндөй, журналисттер колоннанын башынан президентти тарта алышпайт», — деп айтышты БШКнын басма сөз кызматы.

Бирок президенттин басма сөз кызматынын башчысы Толгонай Стамалиева «Клоопко» курган маегинде сүрөт жана видео тартууга, анын ичинде дрондору пайдаланууга тыюуну төгүнгө чыгарды. Ал бул «Бишкек шаардык кеңешинин сандырак билдирүүсү» деп айтты.

«Азырынча аккредитация болуп жатат, биз азырынча эч нерсе маалымдаган элекпиз. БШК бизге аккредитациядан өткөн журналисттердин тизмесин беришкен. Түштөн кийин даярдануу болот, андан кийин баарын айтып беребиз», — деди Стамалиева.

Бирок ошол эле маалда президенттик аппараттын кызматкерлери КТРК телеканалында түз алып көрсөтүү жүргүзүлө тургандыктан съемка чектелгенин түшүндүрүштү. Ага бүткүл КМШга көрсөтүлгөн калган башка каналдар кошула алат.

Мындай чаралар «эфир таза» болушу үчүн көрүлөт, «анткени КМШнын башка өлкөлөрү көрүшөт жана эгер башаламан болсо, өлкөнүн бедели үчүн жакшы болбой калат».

Дрондорду пайдаланууга чектөөлөр КТРК өз дрондорун учура тургандыктан жана аларга абадан башка ЖМКлардын түзмөктөрү жолтоо кылышы мүмкүндүгүнө байланыштуу.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев билдиргендей, кол коюлган расмий документсиз журналисттерге эч ким алардын өз жумуштарын аткарууга тыюу сала албайт. Шаардык кеңештен «Клооптун» журналистине тыюу салуу тууралуу документти бере алышпай, жөн гана президенттин аппаратынан кат таркатышканын айтышты.

«Медиа Полиси Институтунун» башчысы Бегайым Үсөнова мыйзам боюнча журналисттердин бардыгы үчүн маалымат алууга жеткилик бирдей болушу керектигин 24.kgге айтып берген.

«Мындай тыюу негизсиз жана бул сөз эркиндиги рейтингдеринде өлкөнүн төмөндөшүнө алып келет. Ар биринде чагылдырылып жаткан окуяны кайсы каналдан көрүү боюнча тандоо укугу болушу керек. Президенттин басма сөз кызматы бул маселенин үстүндө ойлонуп көрүп, тыюуну реалдуу негиздеп бериши керек», — деди Үсөнова.