Сооронбай Жээнбеков жүрүштүн башында. Сүрөт: Арсений Мамашев / Kloop.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өлбөс полк» жүрүшүн баштап чыкты. Президент фронтто дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин көтөрүп чыккан. Жээнбеков жүрүшкө катары менен экинчи жыл катышууда.

Колоннанын жүрүшүнө алгачкы жолу Жээнбековдун башкы каршылашына айланган экс-президент Алмазбек Атамбаев катышты. Атамбаев өлкө башчылык кызматта турганына карабастан Жээнбековду шайлоо өнөктүгү учурунда ачык колдоп чыккан.

«Өлбөс полк» — бул миңдеген кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согуштун урматына жүрүшкө чыгып, жыл сайын 9-майда өтүлүүчү иш-чара. Катышуучулардын көпчүлүгү бул күнү согуш баатырлары жана оорукта талыбай эмгек кылган өз чоң эне, чоң аталарынын портреттерин көтөрүп чыгышат.