«Коопсуз шаардын» камералары өлкө боюнча орнотулат. Бийлик 5,7 млрд сомго тендер жарыялады

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) «Коопсуз шаардын» экинчи этабын ишке ашырууга тендер жарыялады — өлкө боюнча 306 камера орнотулат. Бийликтегилер долбоордун наркын 5 млрд 791 сомго баалашты.

Мурдараак бийлик «Коопсуз шаарды» өлкө боюнча 2019-жылдын аягына чейин ишке киргизгилери келип жатканын айтышкан.

«Коопсуз шаар» — бул мамлекеттик «Таза Коом» программасындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин ою боюнча, «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамкызматтардын бир бөлүгүн онлайн түрдө алууга мүмкүн болуп калат.

2018-жылдын сентябрь айында камераларды орнотуу тендерин орусиялык «Вега» концерни утуп алган. Бишкекте камералар көчөлөрдүн кесилишинде жана шаалар ортосундагы жолдордо жол кыймыл эрежелеринин бузууларын аныкташат. Алар жол кыймыл эрежелердин жети түрүн аныкташат.

Ошондой эле Чүй облусунда жол кыймыл эреже бузууларынын эки түрүн каттаган 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс (АПК) иштеп жатат. Алар ылдамдык чегинен ашуу жана кош сызыктан өтүү эреже бузуусун катташат. Көчмө АПКлардын убакытысы менен жайгаша турчу жерлерин ЖКККББ аныктайт.

ЖКККББнын маалыматтарына ылайык, 2019-жылдын 6-майына карата камералар 78 миңден ашуун жол кыйымыл эреже бузууларын каттаган — тартип бузуучулардын жарымынан азы 47 млн сом өлчөмүндө штраф төлөшкөн.