Дүкөндөр, үйлөр, батирлер — Башкы прокуратура Мусакеевдин ата-энесинин мүлкүн санап берди

Сүрөт: Тилек Бейшеналиев

Башкы прокуратура билдиргендей, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевдин туугандарынын журналисттерге көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктөрү, тагыраагы курулуп бүтө элек үйлөр жана насыяга алынган батир анын туугандарына таандык болгон мүлктөрдүн аз гана бөлүгү.

Ведомство анын жакындарынын мүлктөрүнүн жалпы базар баасы 20 млн сомдон ашат деп көшөрүп, анын ата-энесине таандык мүлктөрдү санап берди. Башкы прокуратура тергөө мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн УКМКнын кызматтык батирлерин текшерүүгө киришкенден кийин атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары өз мүлкүн кайра каттаткан деп эсептейт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) маалыматына ылайык, жөнөкөй жумушчу болгон Мусакеевдин атасына төмөнкү мүлктөр таандык:

  • Бишкектеги эки батир;
  • Бишкектен алыс эмес Ак-Ордо жаңы конушундагы, Чүй облусуна караштуу Новопавловка айылындагы жана Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылындагы үч жер тилкеси;
  • Ысык-Көлдөгү Бөкөнбаев айылындагы турак үй;
  • Бөкөнбаевдеги азык-түлүк дүкөнү.

Мусакеевдин жеке ишкер апасына төмөнкү мүлктөр таандык:

  • Чүй облусуна караштуу Маевка айылындагы жер тилкеси;
  • Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылындагы дүкөн;
  • Бөкөнбаев айылындагы үй.

Мусакеевдин ата-энесинин мүлктөрү канчага бааланып жатат?

Мусакеевдин атасынын мүлкүн 4 486 352 сомго, апасыныкын 2 791 520 сомго баалашууда.

Мүлктөр 2010-2019-жылдар аралыгында сатылып алынган. Мисалга, Новопавловка айылындагы 470 кв. м жер участогу 2010-жылы 112 000 сомго, 2011-жылы — Маевкадагы үйдүн жанындагы 600 кв. м участок 47 520 сомго, 2014-жылы — Ак-Ордодогу 400 кв. м жер участогу 152 000 сомго жана аянты 133,3 кв. м батир 1,6 млн сомго, 2015-жылы — аянты 133,3 кв. м батир 2,1 млн сомго, 2016-жылы — Бөкөнбаевдеги үй 1,3 млн сомго жана ошол жактагы 75,33 кв. м дүкөн 1,3 млн сомго, 2019-жылы — Бөкөнбаевдеги дүкөн 70 000 сомго сатылып алынган. Бөкөнбаевден сатылып алынган дагы бир үйдүн баасы жана Чоң-Сары-Ой айылындагы орточо базар баасы 420 млн сомду түзгөн жер участогунун сатылып алынган убактысы көрсөтүлгөн эмес.

Башкы прокуратура аталган мүлктөрдүн баасы Мусакеевдин да, анын жакындарынын да кирешелеринен ашат деп айтууда. Ведомство УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде иш козгогон. Мусакеев өзү экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогондугу үчүн бул иште саясий куугунтук бар деп эсептейт.