«Таза коомдун» долбоорлору жарык көргөнүнө бир жыл өттү. Эмне өзгөрдү?

Сапар Исаков

Бир жыл мурда өлкөнүн премьер-министри болуп турган Сапар Исаков өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик «Таза коом» программасынын долбоорлорун коомчулукка алып чыгып, тааныштырган.

Ал учурда Исаков юридикалык жактарды онлайн каттоо, патентти интернет аркылуу алуу, «Коопсуз шаар» жана маморгандар ортосундагы «Түндүк» коммуникация системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөр тесттик тартипте иштеп баштаганын жар салган.

Мындан тышкары, кылмыштардын жана жоруктардын эсебин алуучу бирдиктүү реестри (КЖБР), анын ичинде жолдогу тыгындардын абалын, абанын бузуулуу деңгээлин жана башкаларды талдоо жүргүзүшү керек болгон «Коопсуз шаардын» башка компоненттери иштеп чыгуу баскычында эле.

Бирок, Исаков премьер-министрлик кызматтан алынган соң Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков «Таза коом» программасын «Санарип Кыргызстанга» трансформация кылган.

Арадан бир жыл өткөндөн кийин эмне өзгөрдү?

Бул убакыт аралыгында Кыргызстанда өлкөнү санариптештирүү боюнча ишке киргизилген эң ири долбоорлордун бири — бул жолдордо коопсуздукту камсыздоо боюнча «Коопсуз шаар» системасы болгон. Бишкектин жолдоруна камераларды орнотуу ишин орусиялык «Вега» компаниясы аткарган.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы «Таза Коом» боюнча конференцияда

Мындан тышкары, Кыргызстанда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри иштеп баштаган. Бул система укук коргоо органдарындагы «коррупциялык тобокелдикти төмөндөтүү» үчүн киргизилген. Жарандар КЖБРдын жардамы менен милицияга же Башкы прокуратурага жолдогон кайрылуулары кайсы баскычта тургандыгына көз салып тура алышат.

Анткени менен Жээнбеков санариптештирүү боюнча иш жайдак жүргүзүлүп атканы үчүн маморгандарды бир нече жолу сынга алган. Ал 2018-жылдын декабрь айында акыркы жети жыл ичинде санариптештирүүгө 50 млн доллар сарпталган, бирок бул күтүлгөндөй натыйжага алып келген жок деп билдирген.

Өлкө башчысынын ою боюнча, санариптештирүү — бул мамлекеттик ведомстволордогу коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги куралдарынын бири болуп калышы керек. «Менин негизги максатым — санариптик коом куруу аркылуу коррупцияны жоюу жана ар бир жаран үчүн ачык коомду орнотуу», — деп айткан Жээнбеков.

«Таза коом» vs. «Санариптүү Кыргызстан»

Исаковдун мурдагы кеңешчиси жана «Таза коом» командасынын мүчөсү Гүлнура Төралиеванын айтымында, Кыргызстандын санариптик өнүгүүсү боюнча эки концепциянын ортосунда аталыштарында гана айырма бар.

Сапар Исаков жана Гүлнура Төралиева

«[“Таза коомдун” командасы] бир жылда 30 долбоорду ишке ашырды [...] “Коопсуз шаар” жергиликтүү программчылардын күчтөрү менен даярдалган. Эмне үчүн ал жака “Веганы” тарткандарын билбейм. Биздин тесттик жана финалдык ишке киргизүүбүздүн ортосундагы негизги айырма — камералардын санында», — деди Төралиева.

Ал Жээнбеков санариптештирүү жай болуп атканы үчүн аткаминерлерди сынга алганын «Таза коом» командасынан көптөгөн жогорку квалификациялуу адистердин кетип калгандыгы менен байланыштуу деп эсептейт.

«Президент өлкөнүн санариптешүүсү токтоп калышына кызыкдар деп ойлобойм [...] Бирок [санариптештирүүнү токтотууга] санариптештирүү ишин ресурстарды бөлүштүрүү үчүн гана жасап жаткан маморгандардагы айрым аткаминерлердин кызыкчылыктары бар», — деди Төралиева.

Исаковдун мурдагы кеңешчиси Талант Султанов дагы «Санарип Кыргызстандын» концепциясы көп жерден «Таза коомдун» идеялары менен дал келет деп эсептейт.

«Кыргызстандын туруктуу өнүгүү стратегиясында өлкөнү санариптештирүү “Таза коом” деп аталат, андыктан программаны өз аты менен атоодон коркпош кере», — деди Султанов.

«Санарип Кыргызстан» «Таза коомду» толуктайт

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемировдун айтымында, «Санарип Кыргызстандын» концепциясы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүнү көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн.

«“Таза коомдун” бүгүнкү күндө бекитилген концепциясы жок болчу, экономиканы, социалдык жана башка тармактарды өнүктүрүүдө тез секирик кылуу үчүн өлкөнү трансформациялоо чөйрөсүндө санарип реформаларды өткөрүү муктаждыгы бар эле. Бири жөн эле экинчисин толуктай [...] биринчи беш жылдык “Санарип Кыргызстан” деп белгиленген», — деди Шатемиров.

Ал «Санарип Кыргызстандын» жол карталарынын бекитилгенден кийин «Таза коомдун» бир дагы долбоору токтоп калбаганын билдирди.

«Бүгүнкү күндө, “Санарип Кыргызстанда” пландалган долбоорлорду ишке ашырууга чоң басым жасалган, алардын ишке киргизүү көзөмөлөлү жогорулатылган. “Таза коомдун” шааниси менен башталган долбоорлордун баары азыр уланууда. “Санарип Кыргызстандын” жол карталары кабыл алынгандан кийин ар бир ведомствого жана министрликке санариптештирүү боюнча конкреттүү максаттар менен тапшырмалар коюлган», — деди Шатемиров.

Кубаныч Шатемиров

Шатемиров «Санарип Кыргызстандын» негизги максаттарынын бири — бул санарип кызматтарды көрсөтүү аркылуу калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, анын ичинде маморгандардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү, андан тышкары, трансформация аркылуу экономикалык секирик жасоо экенин кошумчалады.

«Беш жылдан кийин биз көптөгөн мамлекеттик кызматтарды жойгубуз келет, анткени аларга болгон муктаждык жоголду. Мисалы, мамлекет жарандардан маалыматтарды маалымкат аркылуу берүүнү талап кылган учурларда. Бул үчүн маморгандардын ортосундагы электрондук өз ара байланышты жөнгө салыш керек жана мында бизге “Түндүк” долбоору көмөктөшөт. Биз аны толугу менен ушул жылдын аягына чейин ишке киргизүүнү пландап жатабыз», — деди Шатемиров.

Азыр Кыргызстан санариптик өнүгүүнүн экинчи баскычында турат, бирок Жээнбеков өлкө санариптик өнүгүүнүн төртүнчү деңгээлине чыгып калышы керек деп айткан эле.

«Биринчи деңгээли маморгандардын ички автоматташтыруусун түшүндүрөт. Экинчи баскыч алардын өз ара биригүүсүн туюнтат. Электрондук өкмөттүн өнүгүүсүнүн үчүнчү жана төртүнчү баскычтарында мамкызматтарды автоматташтыруу гана эмес, бизнец процесстерин оптимизациялоо да күтүлүүдө. Мындайча айтканда, маморгандар толук санариптик башкарууга өтүшү керек», — деп түшүндүрүп берди Шатемиров.

Жарандык активисттер Жээнбековго ишенишпейт

Акыркы бир нече айдын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өлкөнүн санариптештирүүсүнө кандайдыр бир байланышы бар болгон бир нече аткаминерлерди кармады. Алардын кармалуулары Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) электрондук чет мамлекеттик паспортторду жасоо боюнча өткөргөн тендерине байланыштуу болгон.

Мисалга алсак, 8-майда УКМК президенттин санариптештирүү боюнча кеңешчиси Дастан Догоевди суракка алган, ал эми ага чейин атайын кызмат «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин директору Талант Абдуллаевди, МККнын башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаевди жана ведомствонун статс катчысы Данияр Бакчиевди кармаган болчу.

Мында чаралар жарандык активисттердин нааразычылыктарын жараткан. Мисалы, Азиз Абакиров нааразычылыгын билдирип президентке караштуу эксперттик кеңештен чыгып кеткен. Ал жактан Абакиров «Инфокомдун» кызматкерлери кармалгандан кийин көп өтпөй эле кетип калган.

«Урматтуу президент, сизге Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүү боюнча чоң тарыхый милдет жүктөлдү, биз бул нерседе сизге жардам берүүгө даяр болчубуз [...] Кыргызстандын санариптешүүсү чоң суроо жаратып калды! Биз сиз менен макул эмеспиз, урматтуу президент! Мындан ары сизге ишенбейбиз!» — деп жазган ал өз катында.

Азис Абакиров

Ошондой эле Жээнбековго укук коргоочу Рита Карасартова да бир нече жолу кайрылып, өлкө башчысынан Коопсуздук кеңешинин отурумун чакыртып, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун ыйгарым укуктарын карап чыгууну суранган.

«Чынчыл мамкызматкерлерге каршы репрессия үрөй учуруучу ылдамдык менен жасалууда. Биометрикалык паспорттордун айланасындагы чыр-чатак мамлекеттин бүткүл маалыматтык базаларын тоскоолдуксуз басып алууну улантуу үчүн МКК менен “Инфокомдун” жетекчиликтеринин кадырын кетирүү максатында атайылап жасалган», — деп жазган Карасартова өз кайрылууларынын биринде.

Жээнбеков өзү 22-апрелде жарандык коомдук кайрылууларына «чоң сый-урмат» менен мамиле кылаарын билдирип, бирок шашылыш жыйынтык чыгарбоону суранган.

«Биздин жарандык коом абдан күчтүү, жарандарыбыз мамлекеттик маселелерге кайдыгер мамиле кылбагандыгы жакшы көрүнүш. Бирок, тендердин айланасында көп талаш-тартыштар жүрүп жатат. Ошондуктан, шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам. Бардыгы мыйзамдын алкагында болушу керек. Мыйзамдуулук баарына бирдей. Эгерде мыйзам бузулса, анда ким болсо да жоопкерчилик тартышсын», — деп айткан президент.

Ошондой эле ал «санариптештирүү анын президенттик ишинин артыкчылыктуу багыты болгонун жана боло да берээрин» кошумчалаган.