Бишкекте ырчы Мирбек Атабековдун апасын тоноп кетишти — белгисиз адамдар анын үйүнөн акча жана кымбат буюмдарды алып кетишкен

Мирбек Атабеков. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Айдана Канатбек

Милициянын маалыматына ылайык, карактоо 5-майдан 6-майга караган түнү болгон. Укук коргоо органдары «Карактоо» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин башташты.

«Болжол менен 01:45те эки беткапчан адам анын үйүнө кирип, 60 миң доллар суммадагы акча каражаттары менен алтын буюмдарды алып, андан кийин качып кетишкен», — деп айтылат милициянын катында.

Kaktus.Media басылмасы өзүнүн милициядагы булактарына таянып карактоо учурунда белгисиз адамдар ошондой эле ырчынын апасын, анын ичинде кол салуу учурунда үйдөгү эжесин сабап салышканын жазып чыккан.

Укук коргоо органдары Атабековдун апасын карактоого шектүүлөрдү издөө жана кармоо үчүн ыкчам топ түзгөн.

Ал эми Атабеков өзүнүн «Инстаграм» барагында апасынын үйүн тапанча көтөргөн үч адам карактаганын жазган.

«Апам менен карындашым психологиялык жана физикалык жактан баары жабыр тартып турушат. Аллахга шүгүр бардыгы аман. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп, үркүтүү менен үйдөгү баардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен», — деп жазган ырчы.

Бирок анын аялы буга чейин бир нече саат мурда карактоо тууралуу маалыматты «жалган» деп атаган. «Азыр бизге телефон чалуулар болуп, бул тууралуу сурашты. Жок, андай болгон жок, тарап жаткан маалымат жалган. Баары жакшы, апабыз жакшы жүрөт», — деп билдирген ал Super.kg басылмасына.

Мирбек Атабеков — өлкөдө эң атактуу эстрада ырчыларынын бири. 2016-жылы ага Кыргызстандын «Эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.