Чет мамлекеттик паспорттор иши: «Инфокомдун» башчысы тергөө менен кызматташкандыгы үчүн үй камагына коё берилди

Талант Абдуллаев. Сүрөт: «АКИпресс»

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул макаланын мазмунуна таасир эткен жок.

«Инфоком» мамишканасынын директору Талант Абдуллаев камактан 13-майда чыгарылды. Аны үй камагына которуу өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна Башкы прокуратуранын прокурору кайрылган.

«Абдуллаев кызматташуу жөнүндө тергөө менен келишимге кол коюп, аны ак ниет менен аткарып жатат. Судья өтүнүчтү канааттандырды. Үй камагы 15-июнга чейин уланат», — деп билдиришти соттон.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов да сот Абдуллаевдин бөгөт чарасын өзгөрткөнүн «Клоопко» тастыктады.

Буга чейин сот Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Русланбек Сарыбаевди да үй камагына чыгарган. Кармалган күндөн кийин көп өтпөй эле Сарыбаевдин катуу ооруп жаткан апасы кайтыш болуп калган, ошондой эле анын үч кичинекей баласы бар.

Аткаминер 16-апрелде электрондук чет мамлекеттик паспортторду жасоо боюнча тендердеги бузуулар тууралуу иш боюнча кармалган. Абдуллаев жана Сарыбаев менен чогуу ведомствонун статс катчысы Данияр Бакчиевди да кармалган.

Тергөө кармалган аткаминерлер чет мамлекеттик паспорттор үчүн бланктардын жасоо боюнча тендерди уткан Garsu Pasaulis компаниясы менен «аффилирленген» деп эсептеген.

Атайын кызматтардын аракеттерин жарандык активисттер менен IT коомчулук сынга алышкан. Ал эми президенттин алдындагы санариптештирүү боюнча эксперттик кеңештин курамына кирген Азиз Абакиров Абдуллаевдин кармалышына каршы болуп кеңештен чыгып кеткен.