Түркиянын Кыргызстандагы элчиси муфтияттын ооз ачыруусунан кетип калды — ага «Сапат» лицейлеринин директору чакырылганы себеп болгон

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Коомдук тармактарда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Бишкектеги «Дасмия» ресторанынан жинденип чыгып кетип баратканы тартылган видео жарыяланган. Окуя 8-майда болгон.

Дипломаттын ачуулануусуна Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) уюштурган орозого карата ооз ачууга «Сапат» лицейлеринин директору Орхан Инанды да чакырылганы себеп болгон. Камил Фыраттын айтымында, Инанды — ФЕТО террористтик уюмунун мүчөсү.

«Рамазан айында террорчуну чакырган бул кандай муфтият? Мен сиздерге 35 млн долларга мечит куруп берсем, сиздер мени террорчу менен бир жерге коюп жатасыздар. Эмнеге бул жерге ФЕТО уюмунун башчысын чакырдыңар? Силер же Түркияны же террорчуларды тандашыңарга туура келет», — деп билдирген элчи Камил Фырат.

КМДБнын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, чакырылган коноктордун алдында орун алган жаңжал чечилген.

«Чогулгандардын ортосунда бир аз түшүнбөстүктөр болуп кетти. Биз бардыгын сабырдуулукка чакырдык. Бирок азыр маселе чечилди, бардыгы жакшы», — деп комментарий берди муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев.

Материал жарык көрөөр алдында Кыргызстандагы Түркиянын элчилиги да, «Сапат» лицейлеринин тармагы да бул окуяга комментарий беришкен жок.

Түрк бийлигин айыптоосу

Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары оппозиционер Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. Түркияда бул уюм террористтик деп табылган, ал эми Гүлен өзү 2016-жылдагы мамтөңкөрүш аракетине айыпталган.

Кыргызстандын бийлиги лицейлер тармагын «Себаттан» «Сапатка» өзгөртүп, Түркия менен мамилени бузбаш үчүн директорлор кеңешинин курамына Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүн киргизген.

Жүзөгө ашпай калган төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги миңдеген камакка алууларды жүргүзүп, жүздөгөн адамдарды ФЕТОго байланыштары бар деп соттогон. Ал эми Гүлен өзү мамлекеттик төңкөрүш уюштурбаганын айтып чыккан.

Азыр ал АКШда жашайт. Түркия бир нече жолу америка бийлигинен аны өткөрүп берүүнү талап кылып, бирок АКШ баш тарып койгон.