Видео: Кара-Суудагы төрт турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

Маалымат саат 10:20да жаңыртылды.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы төрт турак үйдөн 13-майда өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө саат 20:21де жети бөлүм тартылган. Кырсыктан жабыркагандар жок.

ӨКМдин маалымат кызматынан маалымдашкандай, төрт турак үйдөн чыккан өрт саат 21:22де чектөөгө алынып бир сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.

Социалдык тармактарга Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылында саат 20:30дар чамасында өрт чыккан видео тараган. Тасманын автору өрт болжолдуу «Отор» ресторанын жанында чыкканын айткан.

«Башында кичине эле өрт чыккан кийин жалындап кетти. Балким турак жайлардан өрт чыккандыр», — деп комментарий берген автор видеого.

Өрттүн кесепетинен жалпы 629 чарчы метр турак үйлөрдүн чатыры күйгөн. Тилсиз жоо электр шаймандарды пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан чыкканы болжолдонууда.