Бишкектин абасында азот диоксидинин топтому эки эсе жогору — Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттиги

Бишкектин үстүндөгү кара түтүн. 2018-жылдын декабрь айы. Видеодон алынган скриншот: Тилек Бейшеналиев / Kloop.kg

Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттиги дрон жана атайын аппараттардын жардамы менен Бишкекте азот диоксидинин ченемдүү топтому эки эсе жогору экенин аныктаган.

Абанын сынамдары Чүй-Абдрахманов, Некрасов-Толстой, Масалиев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилиштеринен жана «Кара-Жыгач» конушунан алынган.

Ведомство абанын булгануусунун деңгээлин 10 компонент боюнча текшерген — чаң бөлүкчөлөрүнүн үч жана газдардын жети түрү боюнча, мисалы, күкүрт, азот жана көмүртек диосксиди.

Ведомство азот диоксидинен тышкары, башка компоненттердин абадагы топтому ченемдүү чектен ашпаганын кабарлайт. Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттиги шаардагы абанын булгануусунун негизги булагы — бул авто унаалар деп эсептейт.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) маалыматына ылайык, азот диоксиди адамдын өпкөсүнө терс таасир тийгизет, мисалга, астма менен ооруган балдарда бронхиттин белгилери өөрчүп кетиши мүмкүн.

Май айынын башында Кыргызстандагы АКШнын элчилиги Бишкекте абанын сапатына байкоо жүргүзүү үчүн жабдууларды орнотуп берген. Изилдөөнүн жыйынтыктарын онлайн көрүп туурууга болот.

Жабдыктын 14-майга карата маалыматтарына ылайык, Бишкекте катуу бөлүкчөлөрдүн (PM 2.5) деңгээли суткасына 76 мкг/м3 жеткен. Бул абанын эң эле кооптуу булгагычы. БДСУ аба катуу бөлүкчөлөрдүн деңгээлин суткасына 25 мкг/м3 ашырбоону сунуштайт.

Бишкектеги абанын булганышы

Бишкектеги абанын булганып жаткандыгы тууралуу маселе 2017-жылы кара түтүн шаар тургундарына көрүнүктүү болуп калгандан кийин активдүү талкуулана баштаган. Анда активисттер катуу бөлүкчөлөрдүн деңгээли белгиленген ченемден ашып кеткенин аныкташкан. Бирок бийлик бул жыйынтыктарды тааныбай койгон.

Бийликтегилер Бишкекте абанын булганышына транспорттордон чыккан газ негизги себеп деп эсептешет. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) маалыматына ылайык, 2018-жылдын аягына карата борбор калаада 420 миңге чукул автоунаа катталган, бирок шаар максимум 50 миң машинага гана ылайыкталган.

шондой эле абаны үйдү көмүр менен жылытып, морлоруна чыпка орнотушпаган жеке секторлор да булгайт. Экологдордун айтымында, абанын сапатына көп батирлүү үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБиндеги чыгындылар да таасир этет. Бирок бийлик жылуулук борборунда күчтүү чыпкалар турат, алар катуу бөлүкчөлөрдүн чыгып кетишин 97 пайызга тазалайт деп эсептешет.