Эсеп палатасы: Тарых музейин оңдоп-түзөөнүн баасы дээрлик 69 млн сомго кымбаттатылган

Музей үчүн жылкылардын фигуралары 28 миң еврго сатылып алынган. Сүрөт: Уланбек Эгизбаев / «Азаттык» үн алгысы

Эсеп палатасынын аудити Бишкектин Тарых музейинин реконструкциясы боюнча иштердин баасы 68,9 млн сомго кымбаттатылганын көрсөткөн.

Ошондой эле музейди оңдоо үчүн чет жактан алынып келинген материалдардын баасы өлкөнүн ички базарындагы материалдардын баасынан 3,8 млн сомго ашып кеткен. Аудиттин материалдары укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Бишкектеги Тарых музейи ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2016-жылдын мартында реконструкцияга жабылган. Реконструкция процессин президенттин администрациясынын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеген.

Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын 31-августуна бүтөт деп пландалган, бирок музей азыркыга чейин жабык бойдон турат.

2018-жылдын 26-майында оппозициялык «Ата Мекен» фракциясы тарых музейин тендери жана долбоордук сметалык документтери жок оңдошконун билдирген. Мындан тышкары, парламентарийлер музейди жасалгалоого 8,7 млн евро кеткен деп айтышкан.

Ошол кезде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарых музейинин реконструкциясына каражаттардын колдонулушун текшерип баштаган.

2019-жылдын апрель айында Башкы прокуратура Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоо тууралуу териштирүүлөр менен Чолпон-Атадагы ат майданынын курулуш ишин бир кылмыш ишине бириктирген. Мамлекетке келтирилген зыянды 200 миллион сомдон ашуун деп бааланган. Музей боюнча 101,6 млн, ат майданы боюнча 145,9 млн сом.