Мындан кийин Жээнбековдор менен Матраимовдордун байланышта экени күмөн жаратпай калды — КСДП «Райым миллиондун» Атамбаевге кайрылуусу тууралуу

Экс-президент жана КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Султан Досалиев / Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы 14-майда Бажы кызматынын экс-башчысы Райымбек Матраимовдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон кайрылуусу боюнча билдирүү таркатты. Мурдагы президент КСДПны жетектейт.

Партиядан Матраимовдун билдирүүсүн «ак үйлүк каршылаштар тарабынын кезектеги чагымчыл чабуулу» деп аташты.

«Бул роликтен кийин жада калса эң эле ишенбес адамдардын да Жээнбеков менен Матраимовдордун байламтада экенине ар кандай шек саноолору жоюлду. Бузукулук да тарады. Бул коомчулуктун көңүлүн анын Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен болгон көп жылдык байланышынан буруп кетүү аракети», — деп айтылат билдирүүдө.

Социал-демократтар Матраимовдун Атамбаев менен узак жылдар бою ишенимдүү мамиледе болгондугу ыктымал тууралуу билдирүүсүн «жалган айтуу» деп аташты.

«Чындыгында бул жылдар аралыгында, бери эле дегенде 2011-жылдан тарта анын реалдуу “калкалоочусу” бир тууган Жээнбековдор болгонун бардыгы түшүнүшөт. Ошол эле учурда бул үчүн экс-президенттин чөйрөсүнөн айрым башка адамдарды да колдонушкандар [...] Коомчулук көптөн бери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген Матраимовдун байлыгы кайдан пайда болгондугу тууралуу текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатат», — деп кошумчалашты партиядан.

Райымбек Матраимовдун Алмазбек Атамбаевге даректелген видео кайрылуусу 13-май күнү кечинде таркаган. Алты мүнөткө созулган видеодо Матраимов экс-президент менен болгон жаңжалдын себептери, анын Атамбаевге болгон лоялдуулугу тууралуу айтып берип, ошондой эле өзүн мурдагы президенттен Жээнбеков менен болуп аткан чырына аралаштырбоого чакырган.

«Аягында айтаарым, мага карата ыксыз кароону, калпты чындай кылып жаманатты кылууну токтотпосоңуз мындан ары жөн отурбаймын. Сиз менен күрөшүүгө менде да жетиштүү маалыматтар жана күч-кубатым жетишээрлик», — деп айткан Матраимов өз кайрылуусунун акырында.

Атамбаев өз мураскери Сооронбай Жээнбеков менен урушуп кеткенине ал Жээнбековдон Матраимовду бошотууну талап кылып, бирок учурдагы өлкө башчысы аны аткарбай койгону себеп болгонун бир нече жолу айткан.

Мындан тышкары, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир тууган Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

ТЕМА БОЮНЧА: