Ошто окуучулардын жол акысы 1 сомдон 5 сомго көтөрүлдү

Ош шаарындагы маршруттук таксилердин бири. Сүрөт: Нуржайна Октяброва / Kloop.kg

Ош шаардык мэриясынын мектеп окуучуларынын маршурттук таксидеги жол акысын 1 сомдон 5 сомго көтөрүү сунушу колдоо тапты. Демилге шаардык кеңештин сессиясында 14-май күнү каралып, 34 депутаттын 23ү макулдугун берди.

Шаардык кеңештен билдиришкендей, мектеп окуучулары үчүн маршруттук таксилерге киргизилген жаңы тариф токтом чыккандан кийин күчүнө кирет.

«Сессияда [окуучулардын жол киресин жогорулатуу сунушу] каралып, колдоо тапты. Эми токтом жазылып мэрияга жана Юстиция министрлигине жиберилет. Андан соң гана кайсыл күндөн баштап окуучулар 5 сомдон төлөп калаары белгилүү болот», — деп билдирди шаардык кеңештин өкүлү Апиза Эргешова

Ал эми муниципалдык автобус менен троллейбустар окуучулар үчүн жол акыны 3 сомдон ала баштайт. Жаңы тариф 2020-жылдан баштап күчүнө кирет.

Үстүбүздөгү жылдын 19-февралында шаардык кеңештин депутаттары окуучулардын жол киресин 5 сом кылуу сунушун карашкан. Анда мэринын демилгесин эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү колдоп берген эмес. Анткени, депуттар муниципалдык траспорттор үчүн окуучулардын жол акысын жогорулатууга каршы чыгышкан.

Ош мэриясы мектеп окуучулардын жол киресин жогорулатуу сунушун бир нече жолу көтөрүп чыккан. Бирок алар колдоого алынган эмес.

Ата-энелер маршруттук таксилердин айдоочулары мектеп окуучуларын албай жатышканын байма-бай айтып келишет. Айдоочулар болсо, бул көрүнүштү балдардын жол акысы чыгашаны актабай жатканы менен байланыштырышат.

Мектеп окуучулар үчүн жеңилдетилген тариф 2001-жылы киргизилип, коомдук жана муниципалдык транспорттор үчүн жол акы 1 сом болуп бекитилген.