Жанно Жарматованын Kloop үчүн иллюстрациясы

Күндүн кадимки таңы. Кыргыз-орус славян университетинин (КОСУ) корпустарынын ээн коридорунда эшиги бир аз ачылып турган аудиторияда террористтик топтор тууралуу жайбаракат лекция окуп жаткан мугалимдин үнү угулуп турат. Кечигип калган эки кыз телефондорун тиктешип, терезенин алдында бир нерсе жөнүндө шыбырашып жатышат. Семестр жакында эле башалган, демек сабактарды бейкапар калтыра берсе болот. Бир маалда эле шыбырашуу өктөмүрөөк угулуп, андан эки сөз сууруп чыгууга мүмкүн болду.

— Брусиловский сага колу менен тамак жедиргенин каалайсыңбы? — деп шылдыңдап сурады кыздардын бирөөсү курбусунан. Курбусу ага тамаша аралаш жаман көргөндөй көз караш менен карап койду.

— Эң башкысы клитордун сүрөтүн сурабаса болду, — деп кыткылыктап күлдү экинчи кыз. Курбулардын өктөм угулган күлкүсү университеттин караңгы коридорун толтурду, бирок кыздардын бирөөсү коңшу адиториянын эшиги бир аз ачык турганын көрсөтүү менен дароо сөөмөйүн оозуна алып келип акырын дегенде каткырык тез эле басылып калды.

2019-жылдын февралында КОСУнун студент кыздары менен алардын окутуучусу Денис Брусиловскийдин ыктымал кат жазышууларынын бир нече скриншоттору коомдук тармактарга жайылып кеткен. Мугалимдин каттарында зачётту «үч адам катышкан секс» же жылаңач сүрөттөр менен жабуу тууралуу айтылган. Жабыр тарткан студент кыздардын баары (Брусиловский тараптан ыдык мамиле кылуу болгону тууралуу аздыр-көптүр 9 студент кыз айтып чыккан) мугалим тараптан өч алуу болушунан коркуп, жашыруун бойдон калууну каалашты (ошондуктан материалдагы бардык кыздардын аттары өзгөртүлдү).

Денис Брусиловскийдин жашы 30дан бир аз жогору жана ал өз өмүрүнүн жарымын Кыргыз-орус славян университетинде өткөргөн: башында студент болсо, андан кийин дүйнөлүк маданият жана диндер факультетинде мугалим катары эмгектенген. Ал өз курагынан жаш көрүнөт жана көпчүлүк студенттердин арасында узун бойлуулугу менен гана айырмаланып турат. Ал ийинине асынган баштыгынын оордугунан бүкүрөйүп басат — бул болсо аны ого бетер өспүрүмдөй кылып көрсөтүп коёт.

Анткени менен университеттин коридорлорунда ар беш мүнөт сайын ага студенттер келип, презентация, тегерек стол жана семинарлар боюнча суроолорду жаадырышат. Окуу жайдын кезектеги окуучусу ага алыстан «Денис Александрович!» — деп кайрылганда ал акырын баш ийкеп, саламын билдирет да жанынан тез өтүп кетет.

Студенттерге ыдык көрсөтүү боюнча Брусиловскийге карата айыптоолорго бүгүнкү күнгө чейин эч бир далил да, эч бир төгүндөө да жок. Аны айыптап жаткан кыздардын бири милицияга февраль айында эле арыз берип койгону менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери алигиче өз иликтөөсүн жүргүзүшүп, эч кандай жыйынтык берише элек. Брусиловскийдин өзүнүн айтымында, ал териштирүүдө шектүү катары эмес, күбө катары өтүүдө жана иликтөө бүткөндөн кийин ага жамандык кылышканын далилдейт.

Карыз болосуң

Колундагы чоң стаканда кофе кармап, оозунда чылымы менен Женя* университеттин короосунда турат.Ал сабакка кирген эмес эле. Женя агайы Брусиловский студент кыздарга калп эле ашык болумуш этип калаары тууралуу көптөн бери угуп жүргөн, бирок андай абалга туш болоору миң уктаса түшүнө кирген эмес.

Жыл башында ага Брусиловскийдин сабагынан зачёт тапшыруу үчүн баллдары жетпей калып, кайра тапшыруу жөнүндө макулдашууну чечкен. Бирок мугалим жолугушууга чейин эле зачётту автомат менен коюп берип койгону Женяны таң калтырган.

«Албетте нес болуп калдым. Ал мага карыз болосуң деп жазган. А мен болсо, мейли эми, карыз болсом карызмын да деп калдым», — деди Женя жинденүү менен тырмагын тиштеп.

Брусиловскийдин КОСУнун студен кыздары менен мүмкүндүү кат жазышууларынын айрым скриншоттору. Материалдарды атайын «Клооп» үчүн макаланын каармандары беришти.

Башында мугалимдин адепсиз кыйытмалары кыздын күлкүсүн гана келтирчү. Бирок канчалык Брусиловский тыйылып калбай чектен чыга баштаган сайын ал ошончолук өзүн ыңгайсыз сезе баштаган.

«Менде аны көкүтүү үчүн себептер деле жок болчу, жөн эле тамашалагам, ал болсо катуу секс, БДСМ жана башкалар тууралуу айта баштады. Бул жийиркеничтүү болду. Тынчсыздана баштагам», — деп үнү титиреген Женя ал учурду эстеди. Анан бир саамга катып калды. Бир-эки жолу тамекинин түтүнүн кере соруп, кофе ууртады.

Бул кат жазышуулардын бир нече скриншоту коомдук желеге чыгып кеткен. Женя каттарды курбуларына гана көрсөткөн, бирок алардын ичинен кимдир бирөөсү каттарды интернетке чыгарып салган экен. Кат жазышуунун скриншоту элге тарап кеткенден кийин Брусиловский аны издеп жүргөнүн угуп калат.

«Ага эмне үчүн [керектигимди] билбейм, мени таппайт деп үмүттөнөм, — дейт ал тамеки калдыгын жакынкы урнага ыргытып. — Мен анын параларына барбоону, зачёттук китепчеге баа койдурбоону чечтим. Ошондон бери ал жөнүндө уга элекмин».

Женя ректоратка арыз жазуунун пайдасы жок деп эсептейт. Анткени, анын оюнча, Брусиловскийди баары бир жазалашпайт жана анын бир нерсе далилдеп берүү аракетинен эч кандай деле майнап чыкпайт.

Аня* аттуу дагы бир жабырлануучу, тескерисинче, Брусиловскийдин бир нече «жардам берүү» сунушунан кийин башка ыктымал жабыркаган кыздар менен чогуу ЖОЖдун администрациясына арыз жазган. Университеттин администрациясынын аракетсиздигинен кийин ал милицияга да арыз жазган.

«Ал мага колу менен тамак берүүнү, жуунтууну, кам көрүүнү каалашы мүмкүндүгүн жазган. Ал өз “жардамын” мага ушинтип сунуштаган. Ал мугалим үчүн ойго келбес нерселерге жол берген», — телефон аркылуу Анянын оор дем алуусу угулууда. Ал бул тууралуу жолугушуп айтып берүүдөн чочулады.

Брусиловский болсо өзүнө карата тагылган айыптарды «фейк» деп атады. Анын оюнча, мунун баары КОСУнун администрациясындагы кээ бир адамдар менен студент кыздардын ортосундагы көмүскө бүтүмгө байланыштуу болуп жатат. Анткени ал окуу жай аны жумуштан чыгарууга болгон күчүн жумшап жатат деп эсептейт. Ал студент кыздарга телефонун убактылуу берип турганын, ошол кезде кыздар анын атынан каттарды жазып чыгарышкан деп көшөрүүдө.

«Мен кээде студенттериме чалып алышсын, интернеттен бир нерсе издеп алышсын деп телефонумду берип койчумун. Кыязы, тентектик кылышты окшойт. Мен жинди эмесмин да, мен эч качан антип жазмак эмесмин. Кыздар менен антип таанышпайм. Мына сиз, биринчи катта эле секс сунуштайсызбы? Мен антпейм», — дейт мугалим.

Бүт бардыгы тууралуу

Университеттин коридору студенттерге жык толгон. Өзүнө абдан ишенген, ал тургай текебер көрүнгөн кара чачтуу кыз мен андан эмне сурагым келип жатканын билип тургандай, качып кетти. Аида* Брусиловский боюнча сөздөргө аралашуудан качканы менен тааныштарынан алыс ээн бөлмөдө өз окуясын айтып берүүгө макул болду.

Аида мугалимдин жабышуулары тууралуу айтып бергиси келбегени менен ал башка жабыркаган болушу ыктымал кыздар менен чогуу ЖОЖдун администрациясынан Брусиловскийди гуманитардык факультеттеги жумуштан четтетүүнү суранышкан. Ал өзү да гумфакта окуйт. Кыздардын суранычы аткарылып, Брусиловскийдин сабактары гумфактан алынып салынган, бирок башка факультеттерде сабактардын тизмесинен анын фамилиясын көрүүгө болот. Анткен менен Аида башка адистик боюнча билим алып жаткан студент кыздар үчүн тынчсызданбайт.

«Ал жакта [башка факультеттерде] 20 кыз бар. Эмнеге алар үчүн кабатырланышым керек? [Алардын ичинен] эч ким башкы корпуска келип арыз жазган жок. А биз болсо жаздык», — деп нааразы болду Аида.

Жанно Жарматованын Kloop үчүн иллюстрациясы

Кыздардын арызы жашыруун бойдон калуу шарты менен жазылган. Дал ушул нерсе Брусиловскийге жакпайт. Себеп дегенде, анын айтымында, кыздар аны каралап, баткакка тыгып салышып, ал эми өздөрү болсо ак бойдон калышкан.

«Эмне үчүн алар мага келип, сүйлөшүүгө аракет кылышпайт? Алардын окуяларын угуп көрмөкмүн. Аларды бирөө жаап-жашырып жатат, эгер чынында алар мени күнөөлөп жатышса, анда аларга зачёт коюп берем деп убадалашса керек», — деп кысылуу менен айтты мугалим.

«Бул скриншоттор биринчи жолу пайда болгондо маани деле берген эмесмин. Менде жумуш көп эле, анын үстүнө ооруп да калгам. Бул тууралуу ойлонууга чамам да жок эле. Бирок мен бул айыптоолорду дароо төгүндөбөй ката кетиргем, анан бул жөн гана жарылып кеткен», — дейт Брусиловский. Университеттеги кесиптештери жана студенттердин бир бөлүгү анын сөздөрүнө ишенишет жана кыздар өздөрү күнөөлүү деп эсептешет, анткени алар [мугалимди] ушундай сүйлөшүүгө өздөрү «чагым кылышкан» деп ойлошот.

«Эгер кыздар өздөрү “келгиле бири-бирибизге мугалим-студент деген чектен чыгууга мүмкүнчүлүк бербейбиз” деп айтышса, баары ошол бойдон эле калмак», — деп эсептейт өз атын ачыктагысы келбеген Брусиловский менен бир нече жылдан бери иштеп келген КОСУнун эл аралык мамилелер факультетинин мугалими.

Бирок Америкадагы Сексуалдык зомбулук боюнча улуттук ресурстук борбордун маалыматы боюнча бул жаңылыштык. Студент кыздар менен мугалимдер ар башка бийликке ээ. Ошондуктан кыздар мугалимге дайыма эле баш тартуу менен жооп бере алышпайт, себеби бул баанын төмөндөшүнө же алардын окуудан четтетилишине алып келет деп коркушат. Бул өкүмчүл динамика деп аталат жана дал ушунун айынан көпчүлүк студент кыздар, катардагы кызматкерлер жетекчилер же мугалимдер тарабынан болгон тийишүүлөргө дайыма моюн сунушат.

Дал ушул себептерден улам ыктымал жабыркаган студент кыздардын кээ бири ыдык тууралуу ачык айтып чыгышкандан кийин деле администрацияга кайрылууга даяр эмес болуп калышат. Алардын катарында ак жуумал, уялчаак Вика* да бар. Мугалим ага тийишип жатканын дароо түшүнбөгөнүн, бирок түшүнгөндөн кийин кесепеттерден коркуп кеткенин айтат ал.

«[Зачёт] тапшыруунун үчүнчү күнү болчу. Мен баарын жаттап, баарына жооп бергем, бирок ал [баары бир] зачёт коюп бербей койгон. Анан ал “Сиз менин бардык каалоолорумду аткарууга даярсызбы?” деген жазылган баракча сунган», — деп айтып берди ал титиреген үн менен.

Алгач кыз түшүнбөй калып, мугалим кайсы каалоолор жөнүндө айтып жатканын сураган. Брусиловский «Бүт бардыгы тууралуу», — деп жооп берген. Мугалимдин сунушуна жооп иретинде Вика каршымын деген мааниде башын чайкаганда мугалим төмөнкүчө уланткан: «Кандай чектөөлөр бар?»

Жанно Жарматованын Kloop үчүн иллюстрациясы

Вика селейип жооп бере албай калган. Окутуучу коркуп кетип, катты жанына алган бойдон кетип калган. Ал эми бир нече күндөн кийин ал кат жазып, студент кыздан болгон сөз экөөнүн ортосунда гана калуусун суранган. Ошондо Вика дароо мугалимден кат жазганын токтотууну талап кылган. Брусиловский мурдагы каттардын баарын өчүрүп, ошо бойдон кыздын көзүнө көрүнбөй калган.

«Мен анын үстүнөн органдарга же ЖОЖдун ректоратына арыз жазган эмесмин. Кантсе да Брусиловский таасирдүү киши да», — деп жыйынтыктады окуясын Вика уялып жана кысылуу менен.

Студент кыздар Брусиловскийдин үстүнөн арыз жазганы менен милициянын бул ишке катуу киришүү мүмкүнчүлүгү чоң эмес. Биринчиден, юрист Эдил Эралиевдин айтымында, мындай иштердин сотко чейинки териштирүүсү адатта бир айдан ары узабайт. Эгерде укук коргоо органдарынан 90 күндөн ашуун убактан бери кабар болбосо, анда иш тымызын жабылган болушу мүмкүн. Экинчиден, 2018-жылдагы статистика боюнча, ыдык көрсөтүү тууралуу арыз менен милицияга болгону 34 адам кайрылып, анын 25инде арыздануучуларга иш козгоодон жөн гана баш тартып коюшкан.

Сексуалдык ыдык көрсөтүү фактыларынын деңгээли боюнча мамлекеттик органдарда же эл аралык уюмдарда расмий статистика жок. Бирок Кыргызстандагы аялдардын 83 пайызы өмүрүндө бир жолу болсо да психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылаары белгилүү. Алардын көпчүлүгү эч качан укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

Январь айында студент кыздардын билдирүүлөрүнөн кийин Брусиловскийге сөгүш жарыяланган, бирок интернетте жогоруда айтылган скриншоттор пайда болгонго чейин иш андан ары жылган эмес. Адегенде КОСУнун администрациясы каттардынр аныктыгын ырастап, бирок кийинчерээк айткандарынан баш тартышкан. Азыр ЖОЖдун жетекчилиги колу бошобогондугуна, бул иш боюнча милиция тергөө жүргүзүп жатканына таянып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Сабактардын аяктаганын билдирген коңгуроо кагылды. Аудиториянын эшигинин артында студенттер чыгып кеткиче терроризмдин аныктамасын түшүндүрүп калууга аракетенген, ызы-чуудан улам угуза кыйкырып жаткан мугалимдин үнү угулат.Бирок студенттер аны угушкан жок. Эшик шарт ачылып, өз жумуштарына шашып жөнөгөн студенттер дем кыстырган аудиториядан чыга башташты. Саны аз студент кыздар топ-топ болуп чыгышууда. Бир нече мүнөттөн кийин аудиториянын эшигинен узун бойлуу, бир аз бүкүрөйгөн мугалим пайда болду. Анын жанынан чуулдаган студенттер өтүп баратышат. Чуру-чуу түшкөн коридордон «Саламатсызбы, Денис Александрович!» деген үн чыкты. Брусиловский эшикти жаап, студенттерге карай баш ийкеп тез басып кетти — алдыда дагы сабактар жана студенттер көп, аларды көп нерсеге үйрөтүш керек.

Авторлору: «Клооптун» медиа мектебинин «Журналистиканын негиздери» ийриминин студент кыздары, Айдай Эркебаева

Редактору: Катя Мячина