Балыкчынын мэри болуп 25 жаштагы бала шайланды. Анын атасы менен байкеси жергиликтүү кеңештин депутаттары

Марат Кудайбергенов

Балыкчыда 14-майда шаардын мэринин шайлоосу болуп өттү. Бул кызматка Марат Кудайбергенов («Замандаш» фракциясынан) жана Мирбек Шакиров («Кыргызстан» фракциясынан) талапкерликтерин көрсөтүшкөн.

Шаардык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү — 22 адам — добуштарын 25 жаштагы Кудайбергоновго беришкен. Калган тогуз депутат добуштарын Шакировго беришкен.

Жаңы мэрдин атасы Сагын Кудайбергенов — жергиликтүү кеңеште баласынын талапкерлиги көрсөтүлгөн «Замандаш» партиясынын депутаты. Ал эми анын агасы Жыргал Кудайбергенов да шаардык кеңеште «Замандаш» партиясынан депутат.

Аталган адамдардын тууганчылык байланыштарын Балыкчынын мэриясы менен шаардык кеңеши «Клоопко» ырастап беришти. Бирок, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы барбы же жокпу деген суроого жооп беришкен жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрага орун басары Абдыжапар Бекматов бул жерде кызыкчылыктар кагылышы жок экенин, себеби мыйзамда жакын туугандарга жетекчилик кызматтарга талапкер болууга тыюу салган ченем жоктугун 24.kgге курган маегинде айткан.

«Мурда мындай пункт бар болчу, бирок 2011-жылы аны алып салышкан. Ошондуктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгара албайбыз. Бүгүнкү отурумдун протоколдорун бизге жөнөтүшкөн кийин биз аларды жактырабыз», — деди Бекматов.

Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо мурдагы калаа башчысы Алмаз Мамбетов Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы болуп дайындалгандан кийин болуп өттү.