Милиционер машинаны алдыда отурган кичинекей балага коопсуздук курун такпай айдап жүргөн — ал 3 миң сом айыпка жыгылды

Коомдук тармактарда милиционер машинанын алдыңкы орунуна коопсуздук куру тагылбаган кичинекей баланы отургузуп алып жүргөнү тартылган видео жарыяланган. Машинанын рулунда отурган киши аны тартып жатышканын көргөн соң гана коопсуздук курун тагынган. Видео 15-майда Токмок шаарында тартылган.

Чүй облусунун БИИБинин басма сөз кызматынан машинанын рулунда милициянын старшинасы болгонун тастыкташты. Жол кыймыл эрежесин бузуу фактысы боюнча ага үч миң сом өлчөмүндө штраф салынды.

Жол кыймылынын эрежелери боюнча, 12 жашка чыга элек балдарды машинанын алдыңкы орунуна автокресло жок отургузууга болбойт.