Мурдагы судья Кыргызстандан качып кетти. Ал пара берүү боюнча шектелүүдө

Феликс Марлес. Сүрөт: Жогорку сот

Чүй облусунун Москва райсотунун мурдагы төрагасы Феликс Марлес Кыргызстандан качып кетти. Ал «кызмат адамына өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү» боюнча шектелүүдө. Атайын кызмат Марлести 4-майда издөөгө жарыялаган.

«Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болбоду, себеп дегенде ал буга чейин эле Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Феликс Марлести кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн судьялык кызматтан 2018-жылдын октябрында бошоткон.

Анда башкы прокурор аны кол тийбестиктен ажыратуу үчүн Судьялар кеңешинин макулдугун алган болчу.

Бул соңку жарым жыл ичинде өзүнө каршы козголгон кылмыш ишинен улам Кыргызстандан качып кеткен үчүнчү судья.

24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, буга чейин Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбеков да Кыргызстандан качып кеткен. Ал дагы издөөгө жарыяланган.

Ошондой эле айрым ЖМКлар Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев да 2018-жылы күзүндө өлкөдөн чыгып кеткенин жазышкан. Ал акчаларды ыйгарып алуу жана миңден ашуун административдик материалдарды жок кылууга айыпталууда.