Өзгөндө блогер акча опузалоого шектелүүдө. Ал дүкөндөрдөгү мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү видеого тартып келген

Блогердин каналындагы видеодон алынган скриншот

Өзгөн райондук милициясы блогер Бауржан Кадырбековду 8-май күнү кармаган. Милициянын басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей ал жергиликтүү ишкерлерди коркутуп акча талап кылууга шектелүүдө.

Кадырбеков өзүнүн «Чындык Маалымат KG» ютуб каналына Өзгөндөгү дүкөндөрдө сатылып жаткан сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тасмага тартып киргизип турган.

«Март айынан баштап ал ишкерлерден акча талап кылып жүргөн экен. Ишкерлер бизге арыз менен кайрылышкан. Акча талап кылышы боюнча видео далилдер бар. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен жарыяланат», — деди Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Кадырбековдун үстүнөн жалпы төрт ишкерден арыз түшкөн. Алар блогер өзүнүн ютуб каналына жүктөгөн видеону өчүрүп коюу үчүн 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин талап кылышканын айтышкан. Анткени видео ютуб каналга чыккандан кийин алардын кардарлары азайып, соодасына тоскоолдук жараткан.

Опузалоо эмес бейбаштык

Ош облустук сотунан «Клоопко» билдиришкендей, Кадырбеков 10-май күнү камакка алынган. Соттун маалыматы боюнча блогер опузалап акча талап кылуу менен эмес «Бейбаштык» беренеси менен камалган.

«7-май күнү блогер Өзгөн шаарынын тургунун колундагы темир таягы менен ар кайсы жерине ургулап, жараат келтирген деп айыпталган. Натыйжада жабырлануучу денесинен жараат алганы аныкталган», — дейт облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

Ал кошумчалагандай, бул окуя жабырлануучу баласы менен блогердин ортосундагы чырды териштирүүгө келген учурда болгон. Кадырбеков да бул окуя боюнча жабырлануучулардын үстүнөн арыз жазган.

Кадырбековдун кесиптештери менен достору анын кармалганын ырастап, буга чейин милиция ага басым жасап келгенин билдиришти. Блогер Талант Сагынбаевдин айтымында, алар досу менен алты күндөн бери байланыша албай жатышат.

«Биз анын кармалганын маалымат сайттарынан билдик. Эмнеге блогер далилдерди көрсөтүп берип жатса камап жатышат? Милиция эмне үчүн видеодогу фактылар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзбөйт?» — деп билдирди «Клоопко» Сагынбаев.

Кадырбековдун дагы бир кесиптеши Илим Исраилов милициядан акыйкат иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Анын айтымында, буга чейин жеке ишкерлер Кадырбековду «каматабыз» деп коркуткан учурлары болгон.

«Бул жерде бир тараптуу күнөөлөө, бир жактуу кармоо болду. Бауржан дүкөндөрдөгү сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды тартып ютуб каналына чыгарып жүргөн. Бир акыйкат блогердин иши боюнча акыйкат иликтөөнү талап кылабыз», — дейт Исраилов.

«Чындык Маалымат KG» каналы ютубка 2019-жылы 22-мартта катталган. Учурда анын 22 миңден ашуун катталуучулары бар.

Кадырбековдун видеолорунун орточо көрүмдүүлүгү 20-30 миңге чейин жетет. Мындан тышкары 100 миңден ашуун адам көргөн беш видеосу да бар. Ал эми эң көп көрүүчү топтогон видеосунундагы көрүүчүлөрдүн саны 424 миңди түзгөн.

Блогер көбүнчө Өзгөндөгү дүкөндөрдө сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тартып киргизет. Андан соң милиция бул боюнча сатуучуларга карата чара колдонот. Мисалы: бир ирет сатуучуга беш миң сом айып пул салынган.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы