Түрлүү тамак-аштарды даярдоо боюнча «Поедем, поедим!» телешоусунун алып баруучусу Жон Уоррен телеберүүсүнүн эпизоддорун тартуу үчүн Кыргызстанга келди. Ал өзүнүн фейсбук барагында Ысык-Көлгө барып, бүркүтчүлөр менен жолугушканын айтып берген.

«Поедем, поедим!» — Уоррен ар башка өлкөлөрдө ар кандай өзгөчө адистиктерди изилдеп, анын ичинде жергиликтүү ашкананын тамактарын жасаган программа. Телеберүү Орусиянын НТВ телеканалынан чагылдырылат.