Өкмөт: Бишкекте жана Чүй облусунда жол кырсыктардын саны 3% азайды

Иллюстративдик сүрөт

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке кириши менен Бишкекте жана Чүй облусунда кырсыктардын саны 3,4 - 3,8 пайызга төмөндөгөн. Бишкекте жол кырсыктан каза тапкандардын саны 68 пайызга азайган.

Ошондой эле өкмөттүн маалыматына ылайык, шаардын өткөрүмдүүлүгү жогору жолдорунда жол кырсыктарынын саны мурдагы жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу эки эседен ашык кыскарган.

«Бардык көрсөткүчтөрдүн азаюусу байкалууда: жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны эки эсеге, жол кыймылынын эрежесин бузуулардын саны үч эсеге кыскарган», — деп билдирди өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Анын айтымында, өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ийгиликтүү ишке ашырууга жетише алды.

«Бардык жарандарды дагы бир ирет ишендирип кетким келет – “Коопсуз шаар” эл үчүн, жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо үчүн иштейт», — деди Абылгазиев.

«Коопсуз шаар» — бул мамлекеттик «Таза Коом» программасындагы «Акылдуу шаар» долбоорунун бир бөлүгү. Бийликтин ою боюнча, «Акылдуу шаардын» ишке кириши менен кыргызстандыктардын коопсуздугу жогорулап, ал эми мамкызматтардын бир бөлүгүн онлайн түрдө алууга мүмкүн болуп калат.

2018-жылдын сентябрь айында камераларды орнотуу тендерин орусиялык «Вега» концерни утуп алган. Бишкекте камералар жолдордо жол кыймыл эреже бузууларынын жети түрүн аныкташат.

Ошондой эле Чүй облусунда жол кыймыл эреже бузууларынын эки түрүн каттаган 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс (АПК) иштеп жатат. Алар ылдамдык чегинен ашуу жана кош сызыктан өтүү эреже бузуусун катташат. Көчмө АПКлардын убакытысы менен жайгаша турчу жерлерин ЖКККББ аныктайт.

Бийлик «Коопсуз шаардын» экинчи баскычын ишке ашыруу үчүн тендер жарыялады — бүткүл өлкө боюнча 306 камера орнотулмакчы. Бийлик долбоордун наркын 5 млрд 791 млн сомго баалаган.