Өзбекстандын бийлиги ЖМКлардын жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын сайттарын бөгөттөн чыгарды

Өзбекстандын бийлиги 10-майдан тарта «Би-би-си» өзбек кызматынын, Deutsche Welle басылмасынын, «Америка Үнү», Eurasianet, AsiaTerra жана «Фергананын» сайттарынын жеткиликтүүлүгүн калыбына келтирди.

Ошондой эле өзбек бийлиги Amnesty International, Human Rights Watch жана «Чек арасыз репортёрлор» укук коргоо уюмдарынын сайттарын бөгөттөн чыгарган.

Бул ресурстардын айрымдары өлкөдө 10 жыл бою бөгөттө турган. Өзбекстандын Массалык комуникациялар жана маалымат боюнча агенттигинин башчысы Комил Аламжонов бул жылдар арылыгында сайттар «техникалык мүчүлүштүктөрдөн» улам жеткиликсиз болгонун жана аталган мүчүлүштүктөр жоюлганын айтты.

«Эми Өзбекстанда баары жакшы деп айтуу аша чапкандык болуп калат. Бирок, эгер Ислам Каримовдун убагындагы же үч жыл мурдагы кырдаал менен салыштырсак бир кыйла эркин болуп калдык. Сын-пикир айтып кайрылган журналисттер да, окурмандар да көбөйүп, алар эркинирээк болуп калышты», — деп айтты «Би-би-си» өзбек кызматынын редактору Хайрулло Файз.

2016-жылы президент Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши менен Өзбекстанда сөз эркиндигинин деңгээли эл аралык рейтингдерде көтөрүлө баштаган. Андан сырткары, эл аралык уюмдар адам укуктарынын абалы да жакшыра баштаганын белгилешүүдө, себеби Мирзиёев саясий мунапыс жарыялаган.