Сулайман тоонун корук аймагында токтотулган курулуш кайрадан жанданды

«Эмаком» куруп жаткан алты кабаттуу үй. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Ош шаардык прокуратурасы январда Сулайман тоонун коргоо аймагында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдү мыйзамсыз деп таап, кылмыш ишин козгогон. Сот курулушту токтотуу боюнча чечим чыгарган. Ага карабастан курулуш иштери кайрадан жанданган.

Шаардык прокуратура 2019-жылдын январында «ЭМАКОМ» курулуш компаниясына «өзүм билемдик» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сотко берген. Прокуратурадан компания көп кабатуу курулушту уруксат кагаздары жок баштап алганын билдиришкен. Көзөмөл органдын айткандарын шаардык архитектура жана экотехинспекция да тастыктап, курулуш мыйзамсыз болгонун ырасташкан.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында шаардык сот курулушту токтотуу боюнча өкүм чыгарган. Чечим «ЭМАКОМ» тарабынан облустук сотко даттанылып, бирок шаардык соттун өкүмү күчүндө калтырылган.

«ЭМАКОМ» компаниясынын директору Мелис Жусупов «Клоопко» курулуш кайрадан башталганын тастыктады. Анын айтымында, Сулайман тоо коргоо аймагында салынган курулуштарга бийиктиги боюнча стандарттар эч жерде жазылган эмес.

«Ал жерге барып башкы архитектор менен сүйлөшкөнбүз. Сүйлөшүүлөр жүргөндө [көп кабаттуу үй] курууга болот же болбойт деген конкреттүү сөз айткан эмес. Шаардык прокуратуранын арызы боюнча иштер териштирилди. Мыйзам бузганыбызга жараша, өзүбүздүн жазабызды алдык. Анан кайрадан курулуш иштерин баштадык», — дейт Жусупов.

Компаниянын жетекчиси кандай жазаны алышканы боюнча «Клооптун» журналистинин суроосуна жооп берген жок.

Шаардык экотехинспекциянын жетекчиси Мелис Адиев «Клоопко» көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери жанданганын «мыйзамсыз» деп атады.

«Кылмыш иши козголгонго чейин текшерүү жүргүзгөнбүз. Ал жерде текшерүү жүргүзгөндө, уруксат албай туруп бул объектти курууну баштап жиберишкени аныкталган. Андан кийин прокуратурага өткөрүлүп берилген. Курулушту улантканга болбойт, ал мыйзамсыз болуп эсептелинет», — деди Адиев.

«Сулайман-Тоо» музей комплексинде 2009-жылы жумушчу топ түзүлүп Сулайман тоонун корук аймактарын белгилеген. Ага ылайык, коргоо аймагына салынган курулуштардын бийиктиги тоону тосуп калбашы керек деген чечим чыгарылган.

«ЭМАКОМ» компаниясынын Ленин көчөсү 351 дареги боюнча жүрүп жаткан курулушу аталган аймакка кирет. Курулушту баштоого чейин компания Кыргыз реставрация институтунан курулуштун бийиктиги боюнча корутунду алышы керек болгон.

Эски турак жайдын ордуна салынып жаткан курулуш

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2008-жылы калаадагы Ленин көчөсү 351 дареги боюнча жайгашкан эки кабаттуу үйдү «авариялык абалда» деп тапкан. Союз убагында курулган имарат ошол жылы 6,5 баллдык жер титирөөдө жабыркап, батирлердин дубалдарында жаракалар пайда болгон. Анда жалпы 40 үй-бүлө баш калкалаган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алардын өз алдынча турак-жайды оңдоого шарттары жок болгондуктан «ЭМАКОМ» компаниясы менен келишим түзүшкөн. 2018-жылдын соңунда эки кабаттуу үй бузулуп, компания анын ордуна алты кабаттуу турак-жай салууга даярдык көрө баштаган.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы