Бакиевдин Беларуста жүрүүсү эки өлкөнүн мамилелерин жайлатат — КР парламентинин спикери

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков белорусиялык кесиптеши Владимир Андрейченко менен жолугушууда билдиргендей, маал-маалы менен ЖМКларда Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиевдин Белорустагы жашоосунун «жагымдуу шарттары» тууралуу маалымат пайда болууда.

«Бул жагдайлар өз кезегинде басаңдоого жана эки тараптуу мамилелердин кандайдыр бир жайлашына алып келип жатат», — деди Жумабеков.

Ал Кыргызстан Беларус бийлиги укуктук жардам тууралуу Кишинёв конвенциясын сактайт деп ишенээрин кошумчалады. Бул документте мүчө өлкөлөр адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн аларды берүү боюнча укуктук жардам беришет деп айтылат.

Жооп ирээтинде Андрейченко өлкөлөр ортосундагы «достук» мамилелердин өнүгүшүнө эч кандай жагдайлар тоскоолдук кылбашы керектигин билдирди.

2010-жылы апрелде Бакиев Кыргызстандын президенттигинен кулатылып, ал үй-бүлөсү менен Беларуска качууга аргасыз болгон. Беларустун башчысы Александр Лукашенко Бакиевге саясий башпаанек берген.

Кыргызстандын Жогорку соту Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, анткени анын буйругу боюнча, күч түзүмдөрү каршылык акциясына чыккандарга каршы курал колдонушкан. Анда аянтта 80ден ашуун адам окко учкан.

Бакиевдин баласы — Максим — Кыргызстанда финансылык алдамчылык үчүн 25 жылга кесилген. Азыр ал Улуу Британияда жашайт.