Башкы штабдын эки полковниги Бишкек — Ош жолунда авто кырсыктан каза таап, дагы экөө жабыркады

Жол кырсык болгон жерден алынган сүрөт. Сүрөт: «Турмуш»

Жол кырсыгы 20-май күнү болжол менен эртең мененки 6:30да болуп, анда Кыргызстандын Башкы штабынын эки полковниги каза тапкан. «Мазда Демио» автоунаасында жалпысынан төрт атам болгон.

«Дагы эки адам орто даражадагы оор жаракат алышкан. Бирөөсү Кара-Балта райондук ооруканасына, экинчиси аскер госпиталына жеткирилди. Алар да полковник наамын алып жүргөндөр», — деп билдиришти Башкы штабдан «Клоопко».

Кайгуул милициясынын алдын-ала маалыматы боюнча, «Мазда» унаасынын айдоочусу рулда уктап кеткендиктен машина токтотмо жайдагы оор жүк унааны барып сүзгөн.