Тажикстан: Түрмөдө чыккан козголоң учурунда 32 адам каза тапты

Тажикстандын Жазаларды аткаруу боюнча башкы башкармалыгынын (ЖАББ) басма сөз кызматы козголоң 19-май күнү Вахдат шаарындагы №3 катаал тартиптеги абактан чыкканын билдирди. Баш аламандыктардан улам 32 адам каза тапкан — абактын үч кызматкери жана камактагы 29 адам. Камактагылар бошотууну талап кылышкан.

Тажикстандык бийлиги козголоңду «Ислам мамлекетинин» соттолгон мүчөлөрү уюштурган эсептейт — алар колониянын үч кызматкерин бычак менен өлгүдөй кылып жарадар кылышкан.

«Андан кийин алар штрафтык изолятордо отурган, ошондой эле “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун мүчөсү болуп эсептелген сегиз камактагыны бошотушкан. Андан кийин алар “жырткычтык ыкма” менен камактагылардын бешөөсүнө бычак сайып өмүрлөрүн кыйышкан, андан кийин дагы башка ондогон камактагы адамдарды жарадар кылышкан», — деп айтылат ЖАББнын маалыматында.

Ошондой эле камактагылар мекеменин медициналык бөлүгүн өрттөп, бир нече адамды барымтага алышкан жана түрмөнүн кызматкерлерине кол салышкан.

Тажикстандын юстиция министрлигинен маалымдашкандай, козголоңчулар колониянын кызматкерлерине бычактар жана башка курч буюмдар менен кол салышкан. Колониянын администрациясы кырдаалды турукташтыруу боюнча «чечкиндүү чараларды» көргөн.

Абактагы кырдаал 20-майга карата турукташкан — ал жакта 1,5 миң адам жазасын өтөп жатат. Тажикстандын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Бул Тажикстандын абактарында чыккан экинчи козголоң. Расмий маалыматтар боюнча, 2018-жылдын сентябрында Хужанд шаарындагы №3/3 колонияда чыккан дүрбөлөң учурунда 23 адам набыт болгон. Бирок, бейрасмсий статистика боюнча, андагы дүрбөлөң учурунда 50дөн аз эмес адам жабыркап, дагы 180ден ашууну жараат алышкан.

Укук коргоочулар жүз берген окуяны «кыргын жана массалык адам өлтүрүү» деп аташкан. Бул окуядан кийин ЖАББнын начальниги кызматынан кол жууп, Согди облустук прокуратурасынын көзөмөл боюнча жети прокурору бошотулган. Бул иш боюнча 42 адам, анын ичинде түзөтүү абагынын 9 кызматкери өтүшүүдө.