Бишкек мэриясы депутатты сөккөн калаа башчысынын кеңешчисин жазалайт

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев коомдук тармактарда калаа башчысынын коомдук башталыштагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова тартип жазасын алаарын жазган.

Алмамбетова «ачык үлпөт кийим» кийбөөгө чакырган парламенттин депутаты Махабат Мавляновага жооп иретинде «пошла нахуй» деп сөккөн.

«Бул коомго терс сөздөрү үчүн кечирим сурайбыз. Анын жеке пикири мэрибиз Суракматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын пикирин билдирбейт. Мыйзам чегинде иш тартиптик жазасын алат. Бишкек шаардык мэриясы коомго терс көрүнүштөрдү, сөздөрдү, кыймыл аракеттерди колдобойт», — деп билдирген ал.

Түлөбаев Алмамбетова жазган твиттен кийин ушундай реакция кылган. Мэрдин кеңешчиси твиттердеги постун 20-май күнү жазган. Алмамбетова депутат Мавлянованын фейсбукта Кыргызстанда кыздар үйлөнүү тойго төшү жана далысы ачык көйнөктөрдү кийбеши керек деген сунушуна жооп кайтарган.

«Ата-энелер ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербеңиздерчи! Той күнү кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата-энеси, чоң ата, чоң энелер назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жылаңачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы», — деп жазган Мавлянова.

Анын пикири боюнча, кыргыз кыздарына Европа стилиндеги кийимдер жарашпайт жана алар кыргыз салттарына ылайык кийиниши керек.

ТЕМА БОЮНЧА: