«Коопсуз шаар»: Абылгазиев айып пулдарын өлчөмүн кайра карап чыгууну тапшырды

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу топко жол кыймыл эрежелерин бузуу үчүн учурдагы штрафтардын өлчөмү канчалык негиздүү экенин кайра карап чыгууну тапшырды.

Учурда жолдордогу эреже бузуулар үчүн айдоочулар 1000 сомдон 5550 сомго чейин айып пулга жыгылышы мүмкүн. Парламенттин депутаттары менен активисттер өлкөдөгү айлык акылардын төмөндүгүн эске алуу менен штрафтардын өлчөмүн азайтуу керектигин бир нече жолу айтып чыгышкан.

«Бул маселени кароодо жарандардын пикирин көңүл чордонуна коюп, “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашырууда келип чыккан маселелерди өзгөчө дыкаттык менен кароо зарыл», — деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында.

Абылгазиев «Коопсуз шаарды» өлкө боюнча иштетүүдөн мурда долбоор Бишкектин жолдорунда кандай иштээрин кылдаттык менен талдап чыгуу керек деп эсептейт. Премьер-министр жарандардын кызыкчылыктарына жараша жол кыймылынын уюштурулушун жана жол инфраструктураларына байланыштуу бардык маселелрди чечүүнү тапшырды. Буга чейин жол кыймыл эрежелерин бузуу үчүн айып пулду азайтуу идеясын депутат Тазабек Икрамов айтып чыккан.

Өлкө бийлиги «Коопсуз шаардын» Бишкекте жүзөгө ашырылышын «ийгиликтүү» деп эсептеп, жол кыймыл эреже бузууларынын саны үч эсе азайганын билдирүүдө.

Алар долбоорду бүткүл өлкө боюнча ишке киргизүүнү пландашууда жана анын наркын 5,7 млрд сом деп баалашкан.