Шаршембиев МТБМКнын башчылык кызматынан отставкага кетти

Бакыт Шаршембиев. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы Бакыт Шаршембиев өз кызматынан кетүү тууралуу арызын 21-майда жазды.

«Биз азырынча арызга [президент] кол койгонун же койбогонун билбейбиз. Эмне үчүн [ал мындай чечим кабыл алганын] экенин түшүнбөй турабыз», — деди МТБМКнын басма сөз катчысы Анара Мамытова.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев анын арызын президент Сооронбай Жээнбековдун кол коюусуна жөнөтүп койгон.

Шаршембиев Kaktus.Media басылмасына курган маегинде өз чечимин «ушундай кылуу керек» деген сөз менен негиздеген. Ал өзүнүн кызматтан кетип жатканын «КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы чууга да байланыштуу экенин тастыктаган.

Бул ызы-чуунун шартында өкмөт башчысы өз аппарат башчысынын орун басары Мурат Мукамбетовду да ээлеген кызматынан бошотуп, анын ичинде президенттен өкмөттүн аппарат башчысы Шамил Асымбековду да бошотууну суранган.

Мындан тышкары, «Ачык өкмөттүн» катчылыгынын башчысы кызматынан Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев кеткен, ал эми анын баласы Эрназар «КТ Мобайл компаниясынан» кеткен. Ишканада ал компаниянын директорунун орун басары болуп иштеп жаткан.

Шаршембиев МТБМКнын жетекчилигине 2016-жылы келген. Буга чейин ал бир нече жыл бою «Кыргызтелекомдо» ар кандай кызматтарда иштеген, ал эми 2015-жылы компаниянын башкаруучу төрагасы болуп калган.