Абылгазиев Мамбайланыш комитетинин башчылыгына Дастан Догоевди сунуштады

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) башчылыгына Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди дайындоону сунуштады.

Догоев МКК өткөргөн чет мамлекеттик бометрикалык паспортторду сатып алуу тууралуу иши боюнча күбө катары өтүүдө. Тергөө ведомствонун аткаминерлери тендерди утуп алган Garsu Pasaulis компаниясы менен «аффилирленген» деп эсептейт.

МТБМКнын буга чейинки башчысы Бакыт Шаршембиев 21-май күнү отставакага кеткен. ЖМКлар Шаршембиевдин Абылгазиев менен тууганчылык байланыштары бар деп жазып чыгышкан. Бирок өкмөттөн бул маалыматты төгүндөшкөн да, тастыкташкан да эмес.

Шаршембиев кызматтан кетишин «КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы чыр-чатакка да байланыштуу деп Kaktus.Media басылмасына курган маегинде айткан.

Мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясынын айланасындагы чыр-чатак бир нече аткаминердин кызматтан бошотулушуна алып келген. Май айынын ортосунда Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын баласы Эрназар Рысалиев «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары болуп иштээри белгилүү болгон.

Ошондой эле коомдук тармактарда «КТ Мобайлдын» жетекчилигинин айлык акылары 300-350 миң сомдү түзгөнү тууралуу маалымат жарыяланган. Компания бул маалыматтарды «жалган» деп атап, бирок кийинчерээк фирманын жетекчилиги кызматынан бошоп кеткен.

Андан тышкары, чыр-чатактын шартында Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев да «Ачык өкмөттүн» төрагалык кызматынан кеткен.