Алмамбетованы сөгүнгөн твит үчүн штрафка жыгууга болбойт — ал өз кызматында айлык албайт

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдиргендей, мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетованы уят сөз менен жазылган твит үчүн айып пулга жыкса болбойт, анткени ал өз кызматында маяна албай иштейт.

«Мыйзам боюнча, тартип жазасын колдонууга укугубуз жок. Бирок мен Азиз Суракматов [Бишкектин мэри] менен сүйлөшүп жатам, балким ал [Алмамбетовага карата] айрым чараларды көрүшү мүмкүн. Кандай чаралар экени азырынча белгисиз», — деп келтирет Vesti.kg Түлөбаевдин айткандарын.

Алмамбетова катышкан чыр-чатак 20-майда болгон. Анда ал жеке твиттер аккаунтунда Мавлянованын кыздарга төшү жана далысы ачык үлпөт көйнөктөрүн кийүүлөрүнүн кереги жок деген билдирүүсүнө сөгүнүп реакция кылган.

«Клооптун» редакциясы бул тууралуу жазып чыккандан кийин коомдук тармактардын айрым колдонуучулары Алмамбетованын пикирин этикага жатпайт деп эсептешкен. Ал эми Балбак Түлөбаев 21-май күнү мэрдин кеңешчисинин твиттердеги посту үчүн кечирим сурап, ал тартип жазасын алаарын кабарлаган.

Ошондой эле Мавлянова дагы Алмамбетованын билдирүүсүнө комментарий берип, аны бир «эмоционалдуу» кылыгы үчүн жумуштан бошотуп салбоону суранган.