Депутаттар «Мегакомдун» башчысына кысым көрсөтүлүп атканын билдиришти — беркиси Абылгазиевдин туугандары коркутуп жатканын айткан болчу

Эл өкүлдөрү «Мегакомдун» башкы директору Акылбек Жамангулов премьер-министрдин тууганы Иманкадыр Рысалиев тараптан коркутуулар болгондугу тууралуу айтып бергендиктен, өкмөт аны «куугунтукка» алууда деп билдиришти.

«Кесиптешибиз Акылбек Жамангуловго чоң кысым көрсөтүлүп жатат. Аны эмне үчүн купуя сырдын барын ачып жатасың деп жемелеп атышат. Анын туугандары менен бизнесине куугунтук кылышууда. Комиссиянын корутундусу чыкканга чейин эч кимди күнөөлөбөйбүз, бирок куугунтукту токтотуу керек», — деди депутат Алтынбек Жунус уулу.

Дагы бир депутат Жанар Акаевдин айтымында, Жамангулов «чоң коррупциялык схеманы» токтотту, эми каржы полициясы менен ИИМ ага жана анын туугандарына каршы куугунтуктоолорду уюштурууда.

Финпол «Клоопко» комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болгону менен ал жактан «Азаттыкка» текшерүү жөнүндө маалыматты тактап жатышканын кабарлашкан. ИИМдин басма сөз кызматынан да тактоодон кийин жооп беришээрин айтышты.

Жамангулов 17-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев анын үй-бүлөсүнүн дарегине бир нече жолу коркутууларды айтканын билдирген. Рысалиев Жамангуловдун билдирүүлөрүн «курулай жала» деп атаган.

Рысалиевдин баласы Эрназар Рысалиев мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштеген. Бул ишкана «Мегаком» менен биргеликте «Салам» бренди менен жаңы байланыш операторун ишке киргизгени жаткан.

Май айынын ортосунда коомдук тармактарда «КТ Мобайлдын» жетекчилиги 300 миң сомдон ашык маяна алып турганы жөнүндө маалымат пайда болгон. Алардын арасында Рысалиевдин баласы Эрназар да болгон. Компания айыптоолорду «жалган» деп атаган, бирок кийинчерээк фирманын жетекчилеринин бардыгы ээлеген кызматтарынан бошоп кетишкен.

Ошондой эле чыр-чатактын шартында Иманкадыр Рысалиев да «Ачык өкмөттүн» төрагалык кызматынан кеткен.