Башкы прокуратура Батукаевди колониядан бошоткон судьяга карата иликтөө ишин баштады

Кримтөбөл Азиз Батукаев

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата иликтөө ишин баштады. Тергөөчүлөр анын иш-аракеттерин «Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу» жана «Коррупция» беренелери боюнча текшере баштады.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы Нарындагы күчөтүлгөн тартиптеги колониядан Эрматовдун чечими боюнча чыккан.

«Судья ЖАМКтын негизсиз берүүсүндө көрсөтүлгөн Батукаевдин ыктымалдуу оор илдетке чалдыкканы тууралуу материалдарды кылдат текшербей туруп канааттандыргандыктан, Батукаевге Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн», — деп айтылат Башкы прокуратуранын катында.

Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалып, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагында. Ошондой эле, Батукаевдин бошотулушуна негиз болгон «лейкоз» диагнозун койгон дарыгерлер да камакка алынган.