Абдрахманов көчөсүндөгү жол тыгыны. Сүрөт: Арсений Мамашев / Kloop.kg

Мындай демилгени Бишкек мэриясы көтөрүп чыкты. Аткаминерлердин пикиринде, шаардагы унаа токтотуучу жайлардын көйгөйү алардын чаржайыт уюштурулганы жана алардын үстүнөн көзөмөлдүн жоктугу менен байланыштуу.

Мындан тышкары, кээ бир автоунаа ээлери машиналарын тротуарларда калтырып кетишет, ал эми эки же үч катар болуп токтотулган машиналардын айынан көчөлөрдө кырсыкка дуушар кылган жагдайлар жаралат.

Мэриядагылар акы төлөнүүчү унаа токтотмолор Бишкекте эки айдан кийин эле пайда болот деп ишенишет. Алдын ала божомолдор боюнча, мындан улам бюджетке бир жылда 80 млн сомдон 100 млн сомго чейин түшүп турат.

«Бишкектин унаа токтотмолору жана туруктары» муниципипалдык ишканасынын башчысы Дамир Жумашев унаа токтотмолору үчүн акылуу жайлар жеке фирмалардын катыштыгы менен пайда болоорун айтты. Анын пикиринде, мындай чаралар шаардын борборун машиналардан жеңилдетүүгө жардам берет.

«Жобо шаардык кеңеште бекитилгенден кийин бизде, албетте, өзүбүздүн шарттарыбыз болот. Паркоматтар, тиешелүү белгилер, белгилөөлөр, камералар орнотулушу керек. Биз сөзсүз ушундай шарттарды коёбуз. Эң жаңы технологияларды колдонуу менен иштешибиз керек», — деп билдирди Жумашев «Азаттыкка».

Укук коргоочу Калича Умуралиева унаа токтотмолор үчүн акы алуу керек, бирок анын пикири боюнча, бул жерде маселени комплекстүү чечүү керек.

«Алардын экономикалык ыкмалар менен каалаган жерде токтотпоого көндүргөнү жатышканы шаардын борборуна карай машиналардын агымын азайтышы мүмкүн. Бирок буга карата башка чараларды да көрүү керек да. Борбордо негизинен маморгандардын бардыгы жайгашкан. Албетте, мамкызматкерлердин бүткүл агымы борбордо. Алар машиналар менен келишет», — деди Умуралиева.


Ал бийликтегилер мамкызматкерлерди жумушка жеке транспорт менен келбөөгө шыктандырышы керек деп кошумчалады.

Акы төлөнүүчү унаа токтотмолордун баалары жана аймактары

Пландалуучу унаа токтотмолордун картасы. Авторлору: Kaktus.Media

Мэриядан акылуу унаа токтотмолордун бардыгын төрт аймакка бөлүүнү сунушташты: эң эле кымбат туруктар борбордо, ал эми эң эле арзандары Бишкектин чет жакасында болот.

Шаардын борбору Бөкөнбаев, Фрунзе, Ибраимов жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелет. Унаа ээси машинасынын алгачкы бир саат тургандыгы үчүн 30 сом төлөөгө тийиш, ал эми кийинки сааттардын баасы 10 сомдон болот.

Ушундай эле тарифтер соода борборлордун жана базарлардын айланасындагы бардык акы төлөнүүчү унаа токтотмо жайлар үчүн да киргизилет.

Жибек Жолу, Сүйүмбаев, Юнусалиев, Ахунбаев, Бакаев, Толстой жана Фучик көчөлөрү менен чектелген экинчи аймакта айдоочуларга туруктардын баасы арзан болот. Туруктун биринчи сааты үчүн баа 20 сом, андан кийинки сааттар 10 сомдон айланып калат.

Эң арзан акы төлөнүүчү унаа токтотмо жайлары ЧЧК (Чоң Чүй каналы) жана Масалиев көчөсүнө чейин чектелген квадратта болот — айдоочу алгачкы саат үчүн 15 сом төлөйт, ал эми кийин сааттар 10 сомдон болот.

Эгер акылуу унаа токтотуучу жайлар пайда боло турган болсо, анда алар муниципалдык аймактарда гана жайгашат. Бул деген сунушталган эрежелер ижарага берилген жеке туруктарга, анын ичинде жер тилкелеринде жайгашкан унаа токтотуучу жайларына тиешелүү болбойт дегенди билдирет.

Азыр Бишкекте Шопоков көчөсүндө жайгашкан акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жай бар. Ал жакта автоунаа токтотуунун баасы 40 сомду түзөт, бирок мэрия бул бааны кымбат деп эсептейт. Бул унаа токтотмо жайы жылына 2,5 млн сомго чукул акча алып келет.